“Агай сиз генийсиз”. Таланттуу калемгерге аалымдардын урматы

  • 04.04.2024
  • 0

Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков Түрксойдун алтын медалы менен сыйланды. Сыйлыкты Улуттук илимдер академиясында жазуучунун чыгармачылыгына арналган жыйында маданият жана маалымат министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тапшырды. Ушул эле жыйында чыгаан калемгердин чыгармачылыгына арналган энциклопедиянын бет ачаары болду. Аны түзгөн тилчи окумуштуу Аттокур Жапанов.

“Агай сиз генийсиз”. Таланттуу калемгерге  аалымдардын урматы

29-мартта УИАнын философия институтунда кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгына арналган  конференция “Насилдүү мамлекет, нарктуу эл, намыстуу инсан” деп аталды.

Улуттук өсүп өнүгүү үчүн маанилүү болгон иш чарага көрүнүктүү илимпоздор, акын-жазуучулар, адабиятчылар, коомдук ишмерлер катышып, Асан Жакшылыковдун чыгармаларынын маданият, дүйнө тааным, салт-санаа, үлуттук өнөр, адабият, философия жана башка контексттеги маанисин карап талкуулашты.

“Асан Жакшылыков агайдын китептери кандайдыр бир деңгээлде биздин институтта иштелип жаткан проблемалар менен кесилишет жана түздөн түз байланышта”,-деди УИАнын философия институнун директору академик Нур Саралаев.

УИАнын академиктери Абдылдажан Акматалиев, Рыспек Нургазиев жана филология илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов жалпы кыргызга таанымал акындын чыгармачылыгына жана коомдук ишмердигине жогору баасын беришти.

Академик Рыспек Нургазиев өзү жетектеген Агрардык университетте убагында Чыңгыз  Айтматов менен Асан Жакшылыков окуп кеткенин баса белгилеп: “Кыргыз жери сыймыктанган жазуучулар менен Агрардык университет да сыймыктанат”,-деди.

Филология илимдеринин доктору Жумаев Мырзабектин “Лирикадан дастан сересине карай”, коомдук ишмер, саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиевдин «Улуттук жол жана Асан Жакшылыковдун концепциясы»; тарых илимдеринин доктору Сапаралиев Дөөлөтбектин » Асан Жакшылыков — кыргыз тарыхы”; филология илимдеринин доктору, профессор Усубалиев Бейшенбайдын “Асан Жакшылыковдун аңгемелериндеги элдик кулк-мүнөздөр;,филология илимдеринин доктору Эгембердиева Аиданын» Ой жүгүртүүнүн универсалдуулугу жана чыгармачылык чеберчиликтин айкалышы»; Кыргыз эл касиет академиясы коомдук бирикменин төрагасы Шаршеналы Кабатегиндин «Ою асыл, сөзү ак, иши адал, изи ынак»Асан Жакшылыковдун руханий жолу жөнүндө» деген аталыштагы баяндамаларында ар кыл өңүттөгү изилдөөлөр, көз караштар,  тыянактар айтылды.

“Агай сиз генийсиз. Чыгармаларында бир да калпы жок, философиялык терең ойлор, чыгармачылык ой чабыты кенен”,-деди жазуучунун чыгармаларынын энциклопедиясын түзгөн окумуштуу Аттокур Жапанов.

А.Жакшылыков көп жанрда өзүн татыктуу сынай алган аалым, философ акын. Анын калеминен жаралган “Манас” эпосуна, кыргыз рухуна, каада салтына, этнографиясына арналган көлөмдүү эмгектери, чыгармалары бүгүнкү күндө илимдин орчундуу обьектисине айланып турган чагы.

“Асан Жакшылыковдун төрт томдук философиялык багыттагы китеби бар. Бул китептин төрт артыкчылыгы бар. Кыргызстанда философтор философиялык өңүттөн гана иликтейт, адабиятчылар адабият жагын гана иликтейт. Ал эми Асан Жакшылыковдун бул китебинде төртөө бир казанда кайнаган. Кыргыздын тарыхын иликтеген, этнографиясын, оозеки адабиятын жана философиясын иликтеген”,-деди Каныбек Иманалиев.

Адабиятта көп жылдардан бери тынымсыз жемиштүү эмгектенип келе жаткан кыргыз эл жазуучусу, залкар акын, “Манас” орденинин ээси, драматург, котормочу жана коомдук ишмер, изилдөөчү, кыргыз таануучусу, ойчул калемгер Асан Жакшылыков үстүбүздөгү жылы 75 жашка толот.  Ушул мааракеге арналып анын чыгармаларынын көп томдугу басмага даярдалып жаткан учур.

P.S. 20 томдук окурмандарга жазылуу аркылуу таратылган жатат. Жазылууну каалагандар төмөнкү телефондор менен байланыша алат. 0772347028, 0700 185040

Бөлүшүү

Комментарийлер