АГАРТУУЧУЛАР АВТОРГО АЛКЫШ АЙТЫШАТ

  • 29.09.2020
  • 0

Редакциядан: Кесиптешибиз Алимжан Алибековдун «Азаттыктын» «Пандемия мени кандай өзгөрттү?» аттуу сынагына жазган макаласы агай-эжейлердин, жалпы эле угармандардын жогорку баасына татыктуу болду.

АГАРТУУЧУЛАР АВТОРГО АЛКЫШ АЙТЫШАТ

«Агартуучуларга алкыш» аттуу макала пандемия учурундагы мугалимдердин ары түйшүктүү, ары сыймыктуу эмгегине арналыптыр. Мугалим иретинде бул макаланы кунт коюп уктум.

«Азаттык» радиосунан  уктурулган бул руханий эмгек мага окшогон миңдеген педагогдордун жана окуучулардын жүрөгүнүн төрүнөн орун алды.

Баарыбыздын башыбыздан ата-энебиз сыяктуу  сүйкүмдүү,  мээримдүү сылаган Адамга миң мертебе ырахмат !

Ала-Тоо аймагындагы агартуучулардын ак эмгегине бийик баа бергендиги үчүн авторго терең ыраазычылык билдиребиз.

Пандемия мезгилинде мен бир эмес, эки жолу ооруканада жаттым. Ошондо деле мектептеги окуу-тарбия иштеринен колумду үзбөй, аралыктан байланышып турдум.

Сөзүмдүн аягында макаланын авторуна кыргызстандык жалпы мугалимдердин атынан канаттуу каалоо-тилегимди айта кетейин.

Алимжан агай, бар болуңуз! Мугалимдер Сизге узак өмүр, бекем ден соолук, кең келечек, чыгармачылык бийиктик каалашат.

Тайир Аширбай, Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими

Сонун макала экен. Чынында мугалимдерге өмүр бою алкыш айтсак да аз. Менин апам да мугалим болчу.  Жашы жетимишке барып калганына карабай, карантин учурунда ватсаптан окуучуларына тапшырма берип, түн бир оокумга чейин сабакка даярданып иштеди. Смартфонун колдонот эле… Ютубдан көчүрүп, жиберип….   Бирок айылда интернет кээде жакшы тартпай, балдардын бир даарында  жакшы смартфон жок, болсо да керектүү zoom программаларга кире алышпай, кыйын эле болуп жатты… Апамдын ошондогу эмгегин көрүп, ноутбук алып берели деп жүргөнбүз. Бирок, тилеке каршы, пневмония менин асыл апамды, бизди чыркыратып, 9-июль күнү алып кетти. ? Апам «Күзүндө жетимишке чыксам, мугалимдик ишиме 50 жыл толот» дечү эле…. Сизге рахмат! Апама алкыш айткандай эле болдуңуз. Ишиңизге ийгилик каалайм!

Гүлжан Амираева, Сузак району

АГАРТУУЧУЛАР АВТОРГО АЛКЫШ АЙТЫШАТ

Мугалимдерге убагында шык берген, дем берген, өтө жакшы макала экен. Автор агартуучулардын ишин дагы бир тепкичке көтөрүп, мугалимдердин карантин учурундагы күжүрмөн эмгегин зор чеберчилик менен угармандарга сүрөттөп бериптир.

Алтынай Досанова, ардагер окутуучу, Кызыл-Кыя шаары

Азаматсың, Алимжан! Сөз кудурети, сөз бермети сенде жаткан турбайбы?! Биздин эмгекти баалаган адамдар көп болсун! Калемиң курчуй берсин!

Калмира Түмөнбаева, педагог, Бишкек шаары

Изденүүңүз аябай жагат мага!

Уланбек Рыскулов, демилгечи мугалим

Мага да абдан жакты. Мен жаңы эле уктум. Азаматсың! Ишиң илгерилей берсин! Чексиз ийгиликтерди, бекем ден соолук каалайм!

Айтбүбү, тармактык бизнес өкүлү

Сонун! Агай, калемиңиз курчуй берсин! А сынакта болсо ийгилик каалайм!

Узен Атаханов, мектеп директору, Аксы району

Макалаң бир дем менен жазылыптыр. Бирок ага  көп даярдыктар көрүлүп, арбын маалыматтар камтылган. Бул деген — автор мугалимдер менен тыгыз байланышта, мугалимдин  түйшүктүү ишин мыкты билет дегендик. Чындыгында эле, мугалимдер менен аралашып, бир казанда кайнап жаткандай жазыпсың. Анан калса, жети дубандын мугалимдери менен эриш- аркак иштейт турбайсыңбы? Чындыгында, пандемия бизди көп нерсеге үйрөттү. Жаман нерсенин аркасында жакшы нерсе бар дегендей, мугалимдин турмушундагы өзгөрүүнү да даана  берипсиң. Социалдык пикирлерден кур эместиги да кубандырат. Алимжан, сенин ар бир макалаңда  өзгөчө ой-туйгулар жатат. Ар бир мугалимдин, окуучүнүн ийгилигине кубанганыңды өзгөчө белгилегим келет. Мыкты адам гана бирөөнүн ийгилигине кубанат. Сен ошондой мыкты адам, журналистсиң. Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн! Бар бол!

Инаят Жамангулова, ардагер мугалим, «Кыргыз тил» төш белгисинин ээси

Подкаст эң мыкты экен! Учурдун көйгөйлөрү иреттүү, маанилүү  даярдалыптыр. Ийгилик каалаймын!!!

Гүлүмкан Асанкадырова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими

Диктор бул жакта калсын! Аябай жакшы окупсуз!!! Мага жакты!!!  Кара-Көл жөнүндө арбын сөз болуптур! Чоң рахмат Сизге!!!

Алымкан Мырзалиева, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Макала жакшы жазылыптыр. Маанилүү, жеткиликтүү экен. Угуп чыктым.

Гүлмайрам, Москва шаары

Өтө жакшы макала даярдапсыз. Баардык эле журналисттер «Азаттык» радиосуна чыга албайт, азаматсыз! Биз сиз менен сыймыктанабыз, ишиңизге ийгилик каалайм!

Данияр, дарыгер, Ош шаары

Макаланы ата-энелерге да угузуш керек. Мугалимдин эмгеги оңой бекен! Бизге жакты.

Калича, сүрөтчү,  Бишкек шаары

Интонацияң, дикцияң туура, жакшы, окупсуң. Мага жакты. Кайра-кайра уккуң келет экен. «5» деген баа койдум!

Калыбек Мусаев, жеке ишкер

Макала көркөм-образдуу, элестүү жазылган. Мезгил көйгөйү жагымдуу тил менен сүрөттөлүптүр. Бул жолдон тайба!

Дүйшөналы Султанкулов, жазуучу

Улуу педагог Я. А. Коменскийдин «Күн алдындагы эң барктуу кесип — бул мугалим» дегенди эске салган, пандемия учурундагы мугалимдердин эмгегин даңазалаган макала болуптур! Ийгилик каалайм!

Гүлпери Адилова, педагогика илимдеринин кандидаты, АКШ, Техас штаты

Абдан жакшы! Мугалимдин карантин учурундагы каарман эмгегин өтө жакшы баамдап, жагымдуу маанайда жазыпсыз. Сизге чоң алкыш!

Дүйшөн Шаматов, Назарбаев университетинин профессору

Алдын ала жеңишин менен куттуктай берели. Абдан жакшы даярдапсың. Сен ар бир иштин майын чыгарып жасайсың. «Кут Билим сабакты» чыгарып жүргөндө демөөрчү таап, конференцияларды уюштуруп, ар бир мектеп жетекчиси менен сүйлөшүп, таратуу, жазылуу ишин кылдаттык менен  алып барганыңды баарыбыз жакшы билебиз. Пандемия  учурунда көп жакшы материалдарды бердиң, өзүң айткандай агартуучуларды шыктандырдың. Мындан ары да жакшы иштериң элдин оозунда болсун! Эң башкысы, ден соолукта бол!

Гүлнара Алыбаева, журналист

Конкурста уткудай подкаст болуптур!

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

Азамат, Алимжан! Кийинки сыйлык сеники!

Айнагүл Кашыбаева, Кыргызстан Журналисттер союзунун «Мыкты журналист» төш белгисинин ээси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер