Агартуу тармагынын ардагерлерине урмат көрсөтүлдү
- 27.04.2026
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына карата эмгек ардагерлеринен кабар алды.

Министр билим берүү тармагында узак жылдар эмгектенген ардагерлер — Бурул Дүйшалиева, Фатима Токтакунова жана Жамал Акунова менен жолугуп, аларды кесиптик майрам жана Жеңиш майрамынын алдында куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр ардагерлерге Агартуу министрлигинин атынан белектерди тапшырып, алардын өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүгө кошкон салымына ыраазычылык билдирди.

Ардагерлер өз кезегинде эмгек жолундагы эскерүүлөрү менен бөлүшүп, бүгүнкү күндөгү коомдук ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле алар тармактагы акыркы өзгөрүүлөргө кызыгуусун билдиришти.
Жолугушууда Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жаңылыктар тууралуу маалымат берип, ардагерлер менен пикир алмашты.

Иш-чара соңунда ардагерлер министрликтин жамаатына ийгиликтерди каалап, ак баталарын беришти.
Комментарийлер