АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ НЕГИЗГИ ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 20.04.2026
  • 0

Бүгүн, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен маанилүү жолугушуу болуп өттү. Анда өлкөдөгү билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлордун учурдагы жүрүшү жана алдыдагы милдеттери каралды.АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН ДҮЙНӨЛҮК БАНК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ НЕГИЗГИ ДОЛБООРЛОРДУ ТАЛКУУЛАДЫ

Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова, Дүйнөлүк банктын билим берүү командасынын тең жетекчиси Саурав Дев Бхатта, билим берүү боюнча башкы адис Гүлмира Султанова, ошондой эле министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Келечек үчүн билим берүү» (LFFP) долбоорун жыйынтыктоо маселелери кеңири талкууланды. Ошондой эле долбоордун кошумча каржылоо бөлүгү (AF) боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы каралып, алдыдагы пландар белгиленди.

Мындан тышкары, «Окутуунун негиздерин бекемдөө» (EFLP) долбоорунун ишке ашырылышынын жыйынтыктары талданып, анын билим берүү сапатын жогорулатууга кошкон салымы белгиленди.

Жолугушууда фидуциардык, социалдык жана экологиялык көзөмөл механизмдерине өзгөчө көңүл бурулуп, долбоорлордун ачык-айкын жана натыйжалуу ишке ашырылышын камсыздоо маселелери да көтөрүлдү.

Тараптар белгилегендей, учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, окуучулардын заман талабына жооп берген көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана окутуу системасын бекемдөөгө багытталган.

Дүйнөлүк банк бул багытта каржылык колдоо көрсөтүү менен катар техникалык жардам берип, эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларды киргизүүгө көмөктөшүүдө. Ошондой эле билим берүү тармагындагы башкаруу системасын, мониторинг жүргүзүүнү жана натыйжаларды баалоо механизмдерин өркүндөтүүгө өз салымын кошуп келет.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө жана билим берүү реформаларын ырааттуу улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер