АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ МЕНЕН ИРИ ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУДА

  • 21.04.2026
  • 0

2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын жетекчиси Норман Ларок баштаган өкүлдөр менен жолугушуу өткөрдү. Анда өлкөдөгү билим берүү тармагын жаңылоо жана кесиптик окуу жайлардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча маанилүү маселелер талкууланды.АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ МЕНЕН ИРИ ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУДА

Жолугушуунун негизги темасы — башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын модернизациялоо болду. Бул багытта жаңы окуу имараттарын куруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана заман талабына ылайык шарттарды түзүү каралууда.

Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү жолунда профилдик окутууну өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген, колдонууга ыңгайлуу жана заманбап билим берүү стандарттарын киргизүү зарыл.

Өзгөчө көңүл туризм тармагына керектүү адистерди даярдоого бурулду. Азыркы учурда өлкөдө туристтик инфраструктура активдүү өнүгүп жаткандыктан, тейлөө жана сервис кызматкерлери жетишсиз болууда. Ушуга байланыштуу Ак-Суу районунда адистештирилген мектеп-комплексин түзүү сунушталды. Бул окуу жай эмгек рыногунун талабына жооп берген заманбап адистерди даярдоого багытталмакчы.

Министрдин айтымында, келечекте курула турган билим берүү мекемелери инновациялык, көп функционалдуу жана жаңы муундагы окуу жайлар болушу керек.

Өз кезегинде Норман Ларок Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөдө заманбап кесиптик лицейлерди куруу үчүн атайын критерийлердин негизинде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жети кесиптик лицей тандалып алынган. Бул долбоорлор жаштарга сапаттуу билим алып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адис болуп чыгууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер