АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

  • 29.05.2026
  • 0

Бүгүн, 29-майда, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроого арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү. Кыргыз Республикасынын агартуу министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева №59 жалпы орто билим берүү мектебиндеги салтанаттуу иш-чарага катышты.

АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

2025–2026-окуу жылында аталган мектепти жалпысынан 210 окуучу аяктап жатат. Алардын ичинен 78и — 11-класстын, ал эми 132си 9-класстын бүтүрүүчүлөрү.

Лира Самыкбаева бүтүрүүчүлөрдү окуу жылынын аякташы менен куттуктап, аларга ишеним жана келечектеги жашоосунда ийгиликтерди каалады. Ал азыркы дүйнө санариптештирүүнүн жана технологиялардын таасири астында тездик менен өзгөрүп жатканын белгилеп, жаштар келечектеги кесипти тандоого аң-сезимдүү мамиле кылуусу маанилүү экенин айтты.

Министрдин орун басары жумушчу кесиптерге болгон суроо-талап жогору экенин, ошондой эле жаңы шарттарга ылайыкташып, көндүмдөрдү дайыма өнүктүрүп туруу зарылдыгын баса белгиледи.

«Бүгүнкү бүтүрүүчүлөр — өлкөнүн келечеги. Ар бириңер өз жолуңарды таап, эмгекчилдик, максатка умтулуу жана билимге болгон кызыгуу аркылуу чоң ийгиликтерге жетесиңер деп ишенем», — деди ал.

АГАРТУУ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ ЛИРА САМЫКБАЕВА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ КУТТУКТАДЫ

Салтанаттуу иш-чарада окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, мугалимдердин каалоо-тилектери жаңырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер