АГАРТУУ МИНИСТРИ: ПЕДАГОГДОРГО СЫЙЛЫК ЫЙГАРУУ СИСТЕМАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН САНАРИПТЕШТИРИЛДИ

  • 21.04.2026
  • 0

Кыргызстандын билим берүү тармагында дагы бир маанилүү жаңылык ишке ашты. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева педагогикалык кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси биринчи жолу толугу менен санарип форматка өткөрүлгөнүн билдирди.АГАРТУУ МИНИСТРИ: ПЕДАГОГДОРГО СЫЙЛЫК ЫЙГАРУУ СИСТЕМАСЫ ТОЛУГУ МЕНЕН САНАРИПТЕШТИРИЛДИ

Министрдин айтымында, жаңы система үч негизги принципке таянат: адилеттүүлүк, жеткиликтүүлүк жана баарына бирдей мүмкүнчүлүк. Бул кадам билим берүү тармагындагы ачык-айкындуулукту күчөтүп, мугалимдердин эмгегин калыс баалоого шарт түзөт.

«Биз тармактык сыйлыктарды ыйгарууда жана тандоодо үч өзөктүү принципти кармандык — адилеттүүлүк, жеткиликтүүлүк жана баарына бирдейлик. Санариптештирүү багытында бир катар маанилүү иштерди жүргүздүк. Бүгүн анын жыйынтыгын мугалимдер да, ата-энелер да пайдаланып жатышат. Кезектеги кадамыбыз — тармактык сыйлыктарды ыйгаруу системасын санариптештирүү болду», — деди министр.

Ошондой эле ал бул демилге Садыр Жапаров тарабынан коюлган коррупцияны жана бюрократияны санариптештирүү аркылуу жоюу тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Жаңы механизмдин негизги өзгөчөлүгү — адам факторун азайтуу. Эми педагогдор өз жетишкендиктери тууралуу маалыматтарды санариптик платформага өз алдынча жүктөй алышат. Андан соң система маалыматтарды автоматтык түрдө талдап, баалоо жүргүзөт.

Министрдин белгилешинче, бул ыкма субъективдүү чечимдерди жокко чыгарып, ортомчулукка жол бербейт.

«Мындан ары эч ким ортомчу боло албайт. Чечим мугалимдин эмгегине, анын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына жана аны тастыктаган расмий маалыматтарга гана негизделет», — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Маалым болгондой, жаңы санариптик механизм быйыл акыркы коңгуроо салтанатынын алкагында алгачкы жолу колдонулат. Анда өзгөчө жетишкендиктерди көрсөткөн мугалимдер ортомчусуз, ачык жана автоматташтырылган тартипте тармактык сыйлыктарга ээ болушат.

Бул жаңылануу билим берүү системасындагы санарип реформалардын дагы бир этабы болуп, мугалимдердин эмгегин татыктуу баалоого өбөлгө түзөт.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер