АГАРТУУ МИНИСТРИ ЧҮЙ ОБЛУСТУК МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНА БАРДЫ
- 09.09.2025
- 0
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 8-сентябрда Чүй облустук мектеп-гимназиясына барып, абалы жана шарттары менен жеринен таанышты.

Министр окуу имараттарын, спорт залын жана жер тилкесин көрүп чыгып, мектептин жалпы жамааты менен баарлашты.
Инклюзивдик билим берүү долбоору
Аталган мектеп-гимназия Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) тарабынан каржыланган, «Кыргыз Республикасындагы бардык балдар үчүн инклюзивдик окутуунун мүмкүнчүлүктөрүнө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жакшыртуу» долбооруна кирген. Бул долбоор ИӨБ, ИӨТФ, БМГӨ жана Smart-Ed платформасынын биргелешкен демилгеси болуп саналат.
Долбоордун алкагында мектептерде инфраструктуралык шарттарды жакшыртуу, инклюзивдик билим берүү үчүн атайын жабдууларды орнотуу жана окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максаты коюлган.

Министр капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирип, окуу корпустарын оңдоо, жатакананын абалын жакшыртуу жана окуу шарттарын модернизациялоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Чүй облустук мектеп-гимназиясы 1962-жылы негизделген. Мектептин окуу корпусу 1962-жылы, жатаканасы 1963-жылы курулган. Жалпы 250 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө бул жайда 216 окуучу билим алууда.
(Б К)



Комментарийлер