АГАРТУУ МИНИСТР КЕНДИРБАЕВА АТА-ЭНЕЛЕРДИН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ
- 12.06.2026
- 0
Республикалык форумдун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева менен ата-энелердин ортосунда ачык диалог өттү. Форумда Өзгөн районунан келген Сайкал Кабыл кызы министрге ата-энелерди педагогикалык жактан колдоо боюнча маанилүү суроо узатты.

Сайкал Кабыл кызы (Өзгөн району): — Саламатсызбы, Догдуркүл Шаршеевна! Бүгүнкү күндө ата-энелер үчүн атайын педагогикалык жана психологиялык колдоо көрсөтүү борборлору же курстары уюштурулуп жатабы?
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева— Сиз абдан жүйөлүү маселени көтөрдүңүз. Билим берүү системасында жасалып жаткан жумуштардын бүтүндөй борборунда ата-энелер турат. Учурда мектептердеги социалдык педагогдор, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары жана класс жетекчилердин бардыгы ата-энелер менен тыгыз иш алып барууда.

Келечекте ар бир ата-эне менен иштөөнү тереңдетүү максатында, мектептердеги «Ата-энелер бурчтарынын» ишин кайрадан жаңы багытта күчтөндүрөбүз.
Андан сырткары, жакында эле биз ата-энелер үчүн атайын окуу курстарын уюштуруу зарылчылыгы келип чыкканын терең түшүнүп отурабыз. Себеби бүгүнкү күндө коомдо ар кыл категориядагы маселелүү үй-бүлөлөр, тажрыйбасы аз жаш ата-энелер же балдарды тарбиялап жаткан пенсия курагындагы чоң ата, чоң энелер бар. Биз ар бир топко туура багыт берүү үчүн дал ушул курстарды ачуунун көздөп жатабыз.
Комментарийлер