АЭУнун командасы WorldSkills China чемпионатында
- 21.05.2025
- 0
13-18-майда Кытайдын Шэньчжэнь шаарында “Өнөр жай дизайны” компетенциясы боюнча WorldSkills China чемпионаты өтүп, Кыргызстан быйыл биринчи жолу катышты. Чемпионатта «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин Инновациялык изилдөөлөр жана иштеп чыгуу борборунун жетекчиси Радмир Гумеров эксперт катары катышса, инженерия жана информатика факультетинин 2-курсунун студенти Урмат Токтокожоев студенттер арасында күч сынашты.
Чемпионатка Кытай, Казакстан, Индонезия, Таиланд, Иран, Кыргызстан, Монголия, Өзбекстан жана Түштүк Африка Республикасынан келген өкүлдөр катышты. Бул мелдеш 2026-жылдын 22-27-сентябрында Шанхай шаарында өтө турган дүйнөлүк WorldSkills чемпионатына даярдык катары өткөрүлдү.
WorldSkills Competition – дүйнөлүк деңгээлдеги кесиптик чеберчиликтин олимпиадасы катары белгилүү, ал эки жылда бир өтүп, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мыкты жаш кесипкөйлөрдү чогултат.
2026-жылдагы чемпионатка 70тен ашык өлкө жана аймактардан 1500гө чукул катышуучу келери күтүлүүдө. Мелдештер алты тармак боюнча 62 компетенцияны камтыйт: өндүрүш жана инженердик технологиялар, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, курулуш жана курулуш технологиялары, транспорт жана логистика, чыгармачылык искусство жана мода, социалдык жана жеке кызмат көрсөтүүлөр.
WorldSkills China чемпионаты АЭУнун командасы үчүн мыкты тажрыйба болуп, эл аралык катышуучулар менен таанышууга, машыгуудан өтүүгө жана ушундай деңгээлдеги мелдештерге катышуу боюнча баалуу билим алууга шарт түздү.
Комментарийлер