АЭУ: Ачык эшиктер күнү

  • 30.04.2025
  • 0

«Ала-Тоо» Эл аралык университетинде жана IT & Business колледжинде 9-11-класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн Ачык эшиктер күнү ири иш-чарасы болуп өттү.

АЭУ: Ачык эшиктер күнү

Иш-чара конокторго университеттин ишмердүүлүгү, инфраструктурасы, факультеттери, билим берүү программалары жана профессордук-окутуучулук курамы менен кеңири таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди. Мазмундуу программа аркылуу катышуучулар кабыл алуу эрежелери, жеңилдиктер системасы, каржылык колдоо мүмкүнчүлүктөрү, студенттик жашоо жана окуудан тышкаркы иш-чаралар тууралуу толук маалымат ала алышты.

“Иш-чара жаңы гана башталып жатканына карабастан, бизди кире бериштен эле жылуу тосуп алышып, университеттин белектерин тартуулашты. Өткөн жылы дал ушул иш-чарага катышкам, бирок быйылкы иш-чара мурункудан айырмаланып, бир топ жакшы уюштурулуптур. Азыр мен инженерия программасына кызыгып жатам жана ал тууралуу бардык керектүү маалыматты алдым. Университеттин жакшы жагы – билим алуу үчүн ар кандай жеңилдиктер каралган, бул сапаттуу жогорку билим алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Уюштуруучуларга мыкты иш-чара үчүн ыраазычылык билдирем!” – деп өз таасирлери менен бөлүштү мектеп окуучусу Акбар Аклаев.

Ачык эшиктер күнүнүн алкагында жазгы фестиваль жана бош орундар жарманкеси өттү. Абитуриенттер маданий көп түрдүүлүктү гана көрбөстөн, окуу учурунда эле ишке орношуу жана стажировкалар тууралуу кеңири маалымат ала алышты. Иш-чара абитуриенттер менен алардын ата-энелерине келечектеги билим берүү жолун жана кесиптик багытын туура тандоого жардам берди.

Иш-чаранын башкы демөөрчүсү – ЖАК “Демир Кыргыз Интернэшнл Банк”. Өнөктөштөр – “Dodo Pizza”, “Coca-Cola İçecek Kyrgyzstan” жана “O!Bank”.

Ачык эшиктер күнү маалыматтык гана иш-чара болбостон, ачык диалог жана пикир алмашуу үчүн чыныгы аянтча болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер