“АДИС-АДИЛЕТ» ЖАЙЛОО ӨНҮГҮҮ БОРБОРУ ЖЕҢҮҮЧҮ

  • 09.04.2024
  • 0

Жайлоо өнүктүрүү борборлору арасында уюштурулган “Мыкты Жайлоо өнүктүрүү борбору” сынагында Ак-Талаа районундагы “Адис-Адилет” жайлоо өнүгүү борбору биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомунан билдиришти.

Сынак республиканын тоолуу аймактарында мектепке чейинки билим берүүнүн зарылдыгын коомго жеткирүү, балдарды өнүктүрүүгө багытталган жайлоо өнүктүрүү борборлорунун ишмердүүлүгүн чагылдыруу, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, кеңири коомчулуктун, ата-энелердин көңүлүн буруу максатында уюштурулган.

Сынактын жобосунда көрсөтүлгөн критерийлерге ылайык биринчи орун Ак-Талаа районундагы “Адис-Адилет” жайлоо өнүгүү борборуна ыйгарылып, баш байге кир жуугуч машина алды. Экинчи орун Нарын районундагы “Эмгекчил” жайлоо өнүгүү борборуна 10 миң сом байгеси менен ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду упайларынын тең чыкканына байланыштуу Алай районунун Сары-Могол айылынын “Бооке” жайлоо өнүгүү борбору жана Ат-Башы районундагы К.Тыналиев атындагы жайлоо өнүгүү борбору бөлүштү. Алар “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду тарабынан чыгарылган китептердин топтому белекке алышты.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер