АДЕП САБАГЫ АЗЫРЫНЧА МЕКТЕПТЕРГЕ КИРБЕЙТ

  • 28.11.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Фейсбукта коомчулук менен болгон бир жарым сааттык түз эфирде, мектептерге  адеп сабагын киргизүү боюнча суроолорго  да жооп берди.

 

АДЕП САБАГЫ АЗЫРЫНЧА МЕКТЕПТЕРГЕ КИРБЕЙТ

Ал мектептерге адеп сабагын киргизүү боюнча суроолор 25-ноябрда өткөн элдик курултайда да айтылганын белгилеп, 3-4 жыл мурун адеп сабагы мектептерде окутулганын,  негизи ар бир мугалим мектепте билим берүү менен бирге тарбиялоо процессин да жүргүзүүсү  керектигин баса белгиледи.

 — Албетте, балдарды адептүүлүккө үндөө комплекстүү каралып, үйдөгү ата-энелер тарабынан да жүргүзүлүүсү керек.  Мугалим канчалык аракет кылбасын ата-энелер үйдө балага көңүл бурбаса, мугалимдин насааты жукпайт калат», —  деген министр адеп сабагы азырынча  мектептерге киргизилберин белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер