“АДЕП – АДАМДЫН КӨРКҮ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

  • 07.12.2017
  • 0

Ыйман, адеп жана маданият жылына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата КР Жогорку Кеңешинин демилгеси менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана КР Билим берүү жана илим министрлиги бирге жарыялаган “Адеп – адамдын көркү” темасында бүтүрүүчү класстын окуучулары үчүн эссе жазуу сынагы жыйынтыкталды.

“АДЕП – АДАМДЫН КӨРКҮ” СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

Сынак сентябрь айында жарыяланып, 1-туру 2017-жылдын 28-сентябрында жалпы билим берүүчү орто мектептерде жүргүзүлүп, саат 10.00дө республиканын бардык орто билим берүүчү мекемелеринин бүтүрүүчү классынын окуучулары эссе жазышкан.

15-октябрга чейин сынакка келип түшкөн эсселер 6 кишиден турган калыстар тобуна (купуя ысым менен) тапшырылып берилген. Калыстар тобунун дыкат кароосунун натыйжасында 438 эссенин арасынан 30 окуучунун эмгеги мыкты деп табылып, республиканын бардык аймактарынан келген окуучулар 2017-жылдын 6-декабрында “Мен үлгү туткан инсан” темасында эссе жазып, жыйынтыгы менен орундар аныкталды. Эсселерди текшерүү өзгөчө тартипте купуя жүргүзүлдү. Баалоо теманы ачып берүү; кызыктуу жана таасирдүү идеялардын болушу (окурманга таасири); ойдун так жана нуска айтылышы; ой жүгүртүүдөгү чынчылдык, тилдин нукуралуулугу; ойдун жеткиликтүүлүгү жана орфографиялык каталарга жол бербөө сыяктуу критеррийлерге негизделди.

Сыйлык тапшыруу аземи алдын ала белгиленгендей КР Жогорку Кеңешинин имаратында өткөрүлүп, ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев, КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, “Ыйман” фондунун төрагасы Н.Кадырбеков куттуктады.

Улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев келечек ээлерине мындан аркы дагы ийгиликтерди каалоо менен бирге, сынакты колдоого алган Жогорку Кеңешке, уюштурууга көмөктөшкөн Билим берүү жана илим министрлигине, ар бир эмгекти талдап чыккан калыстар тобуна ыраазычылык билдирди.

Өзүнүн сабаттуулугу, сөз байлыгынын молдугу, билиминин тереңдиги, ой чабытынын кенендиги менен алдыга озуп чыккан окуучуларга акчалай сыйлык жана Улуттук комиссиянын дипломдору ыйгарылды.

Аты-жөнү Мектеби Ээлеген орду
8Тилебалдыева АйдайЧоң-Алай району, Алайчы уулу Саит орто мектебиБаш байге
69Бусурманкулова ЗемфираБалыкчы шаары, №4 гимназия1-орун
143Маликова АкинайТалас облусу, Кара-Буура району, Анарбай Умарбеков орто мектеби1-орун
166Мэлисова ЖибекКара-Буура району, Кара-Сай айылы, М.Чалданбаев атындагы орто мектеби1-орун
70 Калчаева АйжамалБалыкчы шаары, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектеби2-орун
190Мамбеткалый кызы НурпериНарын облусу, Ак-Талаа району, Жерге-Тал айылы, Итикул Молдобаев атындагы орто мектеби,2-орун
311Абдусалам кызы АкылайБаткен облустук гимназия-жатак мектеби2-орун
20Темирбекова АлияЫсык-Көл облусу, Тоң району, Сагынтай атындагы орто мектеби3-орун
56Алижан кызы АймираЖалал-Абад облусу, Аксы району, №28 Масалбай Шатманов атындагы Өлөң-Булак мектеби3-орун
304Маширап кызы АйсалкынОш шаары, Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясы3-орун
37Жумабекова БилимТалас облусу,Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, Т.Бабанов лицей-интернатыКызыктыруучу сыйлык
40Шайгазымова АйгеримТалас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы, “Манас” орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
119Джуманазарова ГүлканБазар-Коргон району, Жалал Асанов атындагы №9 орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
160Эсенбек кызы КызжибекАксы району, Алишер Молдокеев атындагы №3 орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
163Илимбек уулу АтайКара-Буура району, Ак-Чий айылы, Р.М.Осмонов атындагы орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
191Темирбекова АйдайНарын облусу, Нарын району, Учкун айылы, Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
254Закирова БатмаОш шаары, №33 С.Алымкулов орто мектебиКызыктыруучу сыйлык
259Нуралиева АйданаОш шаары, №20 мектепКызыктыруучу сыйлык
262Базарбаева МадинаОш шаары, №9 А.А.Рудаки атындагы мектеп-гимназиясыКызыктыруучу сыйлык
279Ысмаилова АйданекОш шаары, №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясыКызыктыруучу сыйлык
280Жээнбекова НуризаОш шаары, №7 Нариманов атындагы мектеп-гимназиясыКызыктыруучу сыйлык
438Бакытбек уулу УлукбекБишкек шаары, №71 мектеп-интернатыКызыктыруучу сыйлык

 

Сынак комиссиясынын курамы Улуттук комиссиянын буйругу менен бекип, төмөндөгүдөй түзүлгөн:

Сынак комиссиясынын төрагасы

Кадырбеков Нуржигит – “Ыйман” фондунун төрагасы

Сынак комиссиясынын мүчөлөрү:

Абидетегин Жаныбек – Баластан интерактивдүү журналынын редактору;

Абылкасымова Тамара – Окуу-маалымат борборунун методисти;

Ажыканова Элмира – Кыргыз радиосунун журналисти;

Ибраимова Гүлнара – КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы;

Турдубаева Бактыгүл – Бишкек шаарынын №6 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер