АДАМГЕРЧИЛИКТИН СИМВОЛУ АКМАТАЛЫ КАРЫБЕКОВ

  • 12.11.2019
  • 0

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө, өлкөнүн жана Нарын дубанынын өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү коомдук ишмер жана агартуучу Акматалы Карыбековдун жүз жылдыгы Ат-Башыда өзүнүн атын алып жүргөн мектепте белгиленди. Мааракеге карата агайдын уул-кыздары тарых классын заманбап жасалгалап, окуу китептери, техникалык каражаттар менен жабдып берди. Акматалы Карыбековдун балдары бул мектеп менен дайыма тыгыз байланышта. Буга чейин эле дагы бир компьютердик классты жасалгалап, ичин компьютер менен толтуруп беришкен. Жыл сайын Акматалы Карыбеков атындагы фондун эсебинен окуу жылы башталганда жана аяктаганда алдыңкы окуучуларга, мугалимдерге, техникалык кызматкерлерге стипендия берип, Ардак грамота менен сыйлап турушат. Алтын тамга алгандарды, олимпиадада жеңгендерди дагы куру калтырышпайт.

 

ЖЕТИМ ЖЕТИЛЕТ

Акматалы Карыбеков жеке Нарын облусунда гана эмес бүтүндөй Кыргызстанга таанылган коомдук жана мамлекеттик ишмер, алдыңкы педагог болгон. Ал бир топ жыл партиялык кызматта иштеп, андан кийинки өмүрүн педагогдук асыл ишке арнаган. Ал Нарын шаарындагы Чкалов, Ат-Башыдагы В.И.Ленин атындагы №1, 2 мектептерде, өзүнүн айылындагы Жаңы-Күч орто мектебинде директорлук кызматтын майын чыгара аткарган.

Акматалы Карыбеков 1919-жылы 2-январда Ат-Башы районундагы азыркы Жаңы-Күч айылы жайгашкан аймакта жарык дүйнөгө келген. Бир жашка чыга электе атасы Карыбек менен энеси Күлүкандан айрылып, агасы Дүрбөлөң экөө томолой жетим калышат. Эки кичинекей жетимди атасынын бир тууган агасы Мүсүралы багып алып, эч нерседен кем кылбай чоңойтуп, окутуп, эрезеге жеткирет.

Акматалынын келечегине жол ачкан дагы дал ушул агасы Мүсүралы болгон. Ал 1928-жылдары айылдан эле Ыбырай молдодон, андан кийин Талды-Суунун Ботбай деген жериндеги мектептен билим алып жүргөн Акматалы менен агасы Дүрбөлөңдү Ат-Башы жетим балдар үйүнө алып барып орноштурат. Бирок ал жерден Акматалы кайра-кайра кача бергендиктен кийинчерек Нарындагы балдар үйүнө алып барат. Бирок Акматалы ал жактан дагы качып кетет. Айласы кеткен агасы аны кайра Ат-Башы балдар үйүнө алып барып орноштурат. Ошондо жолдо баратып агасы Мүсүралы ага анын атасы ким экендигин, мындан ары өз атасынын атынан “Карыбеков” деп жазылып жүрүшүн айтып, андан аркы сөзүн минтип улайт: “Сен буюрса, чоңоесуң, үй-бүлөлүү, бала-чакалуу да болосуң. Жан сактап, үй-бүлөңдү багуу үчүн сенде эки жол бар. Биринчиси – кетменди керилте чаап, дыйкан болуп үй-бүлөңдү баксаң болот. Бирок мен буга каршымын, сенин ден соолугуң начар. Дыйканчылык кылып, мал багып, жерди иштете албайсың. Ошондуктан сага экинчи жолду сунуштайм. Ал жол – окуунун, билимдин артынан түшүүнүн жолу. Бул жол сага туура, ылайык. Окусун деп атайын Нарынга чейин алып барсам, окубай качып келдиң. Өтө  чоң ката кетирдиң, балам. Сага айтаарым эми балдар үйүнөн кайра оку”, — дейт. Ошондон кийин Акматалы окуудан качпай калат.

1932-жылы Ат-Башы балдар үйүндө тарбияланган беш бала Фрунзедеги педагогикалык техникумга жиберилет. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу окуусун бүтүрө албай калат. Эмгек жолун 1938-40-жылдары Ак-Муз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштайт. Педтехникумду болсо 1941-жылы бүтүрүп, 1943-46-жылдары Ат-Башы районунда агартуу бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеп жүрүп Кыргызстан КП БКнын алдындагы эки жылдык партиялык мектепке жөнөтүлөт. Ал жакты бүткөндөн кийин Кыргыз педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшырып, ал жакты экстерно бүтүрүп, 1948-56-жылдары Ак-Талаа, Куланак райондорунда партиянын 2-3-катчысы, партиянын Тянь-Шань областтык комитетинин мектептер бөлүмүнүн башчысы, Тянь-Шань областтык маданият башкармалыгынын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенет. 1959-61-жылдары Ат-Башы районундагы Калинин атындагы колхоздун башкармасынын төрагасы болуп иштеген. Андан кийинки өмүрүн агартуу тармагына арнаган.

 

“АТЫН ТАТЫКТУУ АЛЫП ЖҮРӨБҮЗ”

АДАМГЕРЧИЛИКТИН СИМВОЛУ АКМАТАЛЫ КАРЫБЕКОВ

Акматалы Карыбековдун атын 2006-жылдан бери алып жүргөн Ат-Башыдагы мектеп дагы Нарын облусундагы гана эмес республикадагы алдыңкы билим берүү мекемелердин катарын толуктайт. Мектепте толук орус тилинде билим  берилет жана учурда эки миң үч жүзгө чукул окуучу билим алат. Улуу адамдын атын татыктуу алып жүрүүгө болгон күч-аракетибизди жумшап келе жатабыз деген директор Төрөбек Иманбердиев дагы Акматалы агайдын окуучусу болгон.

  • Мен азыр 66 жашка келдим. Акматалы агай мага 6-класстан баштап тарых сабагынан берди. Биздин мектептеги мугалимдердин 70-80% ушул агай окуткан. Союздун убагында ал киши Россиядан орус тилдүү мугалимдерди алып келип, алардын турак-жай маселесин чечип берип, алдыңкы орус тилдүү мектеп кылып түптөгөн. Азыр дагы алдыңкылардын катарынан орун бербей келебиз.  100 инновациялык мектептин катарындабыз. 100 жылдыкка дагы жогорку деңгээлде даярдандык. Быйыл өзгөчө мектептин көрктөндүрүү, жашылдандыруу жагын колго алып, короого толтура карагай, класстарга гүлдөрдү тиктик, — дейт жетекчи.

Мектеп дайыма облустук, республикалык, эл аралык сынактарда алдыда. Ат-Башы районундагы мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу борбор катары дагы таанымал. Учурда декабрь айында санариптештирүү боюнча райондогу мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсун өтүүгө кызуу даярдык көрүшүүдө.

 

“АТ-БАШЫНЫН АТ БАЙЛАР КАЗЫГЫ”

АДАМГЕРЧИЛИКТИН СИМВОЛУ АКМАТАЛЫ КАРЫБЕКОВ

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Эсенгул Мамбетакунов Акматалы Карыбековду партиялык саясатты мыкты түшүнгөн, жоопкерчиликтүү, алдыңкы агартуучу, мыкты устат, тууганчыл, эмгекчил адам катары билет.

  • Акматалы менин агам. Мен ал кишини эс тарткан кезден бери билем. Менден 24-25 жаш улуу. 1965-жылы мен Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин аяктап жатканда ал киши Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тыналиев Кемелди жаш адистерди алып кел деп университетке жөнөтүптүр. Мени ошол жакка барып иште деп калышты. Бирок орусча сабак бере албарымды айтып, артка кетенчиктеп туруп алдым. Ошондо Кемел агай “Акматалыны тааныйсыңбы, ал мектептин директору,  мени ошол киши сага жөнөттү” деди. Ал кишинин атын уккандан кийин аргасыздан макул болдум. Ошентип, 1965-жылы 1-сентябрдан баштап агай менен бир мектепте иштеп калдым. Бир жарым айча үй маселеси чечилгенчекти үйүндө да жашадым, — дейт Эсенгул Мамбетакунов.

Бул эки агартуучу алты жыл чогуу иштешип, бирок өмүр бою ага-инидей мамилесин бузушкан жок. Эсенгул агайдын айтымында, Жубайы Токон эже дагы мыкты адам болгон. Ал дагы өмүр бою агартуучулук милдетин аткарып, өздөрүнүн балдары менен кошо жүздөгөн балдарды тарбиялашкан.

Эсенгул агай алты жылдын ичинде бул ынтымактуу үй-бүлө менен тереңден таанышып, өзгөчө Акматалы агайынын сабаттуулугуна, мамлекеттик саясатты жакшы түшүнгөндүгүнө, партиянын койгон талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылгандыгына жана уюштургучтугуна суктанчу.

  • Ал билим берүү тармагын абдан жакшы өздөштүргөн киши болчу. Айрыкча, Ат-Башынын шартында нөлүнчү класстарды ачып, аларды 11-класска чейин жеткирип, ал тургай  кечки мектептерди ачкан. Убагында билим ала албай калган улуу эле кишилер окуп, сабатсыздыгын жоюшкан. Өзү жүгүрүп жүрүп тонналап акиташ алдыртып келип, айылдагы ар бир үйдү актатып чыккан. Үйлөрдүн баарына каша орноттуруп койгон. Агай өзү жетим өскөндүктөнбү, айтор, туугандарына да абдан камкор киши болчу. Жетишпегендерге, өзгөчө, кары-картаңдарга абдан жакшы карачу. Ошондуктан аны “Ат-Башынын ат байлар казыгы” дешчү, — дейт Эсенгул Мамбетакунов.

 

 

АТАНЫН УУЛУ

АДАМГЕРЧИЛИКТИН СИМВОЛУ АКМАТАЛЫ КАРЫБЕКОВ

Акматалы Карыбеков жубайы Токтобүбү экөө жети баланы тарбиялап өстүрүшкөн. “Аккан арыктан суу агат” демекчи, агайдын балдарынын бешинчиси Алмазбек Акматалиев дагы ата жолун улап агартуучу, коомдук, мамлекеттик ишмер болду. Быйыл атасынын жүз жылдыгы белгиленип жатса, уулу Алмазбек алтымыш жашка чыгып, артка бир кылчайып, элиме кандай пайда алып келдим деп өзүнө отчет берип жаткан кези. Ал философия илимдеринин кандидаты, профессор, КР Президентинин алтындагы Башкаруу академиясынын ректору. Бул окуу жайды экинчи жолу жетектеп жатат. Нарын мамлекеттик университетинин калыптанышына жана өнүгүшүнө дагы чоң салым кошкон. Өз учурунда Билим берүү жана илим министрлигинде, КР Президентинин Аппарат жетекчилигинде дагы жооптуу кызматтарды аткарган. Нарын облусунун губернатору болуп дагы эмгектенген.

Алмазбек Акматалиевдин философия илимдерин тандап алышына дагы атасынын таасири чоң болгон. Өзүнүн атасы өткөн  тарых жана коом таануу сабагы өтө кызыктуу болгондуктан мектепте окуп жүргөн кезинде эле коомдук мыйзамдарга кызыга баштаган. Алдыга койгон максатына жетүү үчүн ал учурда Кыргызстанда философия факультети жок болгондуктан Казакстанга чейин барып окуп келген.

 

“КЕЛЕЧЕГИМЕ ЖОЛ АЧКАН”

АДАМГЕРЧИЛИКТИН СИМВОЛУ АКМАТАЛЫ КАРЫБЕКОВ

Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Аскар Салымбеков дагы Акматалы Карыбековдон билим, таалим-тарбия алган. Анын тарыхчы, мамлекеттик ишмер болуп калышына Акматалы агайынын кошкон салымы зор.

  • Биз мектепте окуп жүргөндө ал киши мектептин директору, тарых сабагынын мугалими болчу. Мени абдан жакшы көрчү. Анткени мен активист элем, мектептин болгон коомдук иштерине калбай катышчумун. Мектепти бүтүп жатканда туура багыт берген ушул агайым болду. Себеби окууну бүткөндөн кийин агаларым менин документимди Политехникалык институтка тапшыртып коюшкан. Менин тарых факультетине эмес башка окуу жайына тапшырып жатканымды угуп калып акыркы күнү өзү келип “Документиңди ал дагы тарых факультетине тапшыргын. Сен тарыхчы болосуң, карьераң партиядан башталышы керек” деп кайра тарых факультетине тапшырткан. Ал учурда бир орунга он беш, он жети киши болчу. Мен өтөмбү же өтпөй каламбы деп жатып тапшыргам. Кудайга шүгүр, өтүп кеттим, окууну да аяктадым. Агайым айткандай алгачкы эмгек жолумду комсомолдук иштен баштадым. Көрсө, ал киши ошондо эле менин ким болорумду алдын ала билген экен да. Чынында эле ал киши өтө принципиалдуу, партиянын ишине берилген, коммунисттик идеология менен жашаган, уюштургуч киши болчу. Агайым менен көзү өткөнчөктү катышып, аны өмүр бою устатым катары сыйлап жүрдүм, — дейт Аскар Салымбеков.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер