АДАМДЫН ЭМГЕКТЕН УЛУУ ТИРЕГИ ЖОК

  • 21.01.2021
  • 0

“Азыр ойлонуп отурам. Кудайым кайра жаратса кайсы жолду тандамакмын?! Башка окуу жайынбы, башка адистиктиби?! Бүгүнкү күнгө чейин басып өткөн жолумдун “тар, тайгак жолунан” буйтап өтүп, даңгыр жолдун өзүн тандап дегендей… Жок, буга чейин кандай жолду бассам – ал менин тагдырым. Ушундай тагдыр буюруп койгонуна ыраазымын…”, — деп Абдылдажан Акматалиев өзүнүн “Энеке, жонума артчы элдин жүгүн…” деген макаласында жазыптыр. Чынында өзү айткандай, ага ушул жол гана жарашат, аны ушул жол гана улуулукка, бийиктикке жетелеп барат. Абдылдажан Акматалиев ушул жолдо 45 жыл мээнет менен тер агызып эмгектенди. Эми болсо артында анын идеясы, жетекчилиги жана түздөн-түз катышы менен руханий Ала-Тоо болуп, том-томдоп китептер асман тиреп, өзү жол баштаган 19 илимдин докторунан, 67 илимдин кандидатынан турган илимий мектеби чеп болуп турат.

АДАМДЫН ЭМГЕКТЕН УЛУУ ТИРЕГИ ЖОК

Абдылдажан Акматалиев 15-январда өзүнүн замандаштары, калемдештери, шакирттери жана жакындары менен өмүрүнүн 65-жылын Улуттук китепканада чогуу белгиледи. Анда маараке ээсине жылуу сөздөр айтылып, элине кылган эмгегине баа берилип, бир топ сыйлыктар тапшырылды.

Алгач сөз сүйлөгөн  Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков академик Абдылдажан Акматалиевдин 65 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, аны бүтүндөй чыгармачыл чөйрө колдоп-коштогонун айтып, маараке ээсине каалоо-тилектерин жолдоду.

  • Абдылдажан Акматалиев – бул бата менен уланган инсан, руханий баалуулуктарга сугарылган инсан, сөз берсе сөзүнө турган инсан, кандай тапшырма болбосун, майын чыгарып жасаган инсан. Ушундай адамдын мааракесин өткөрүү үчүн атайын комиссия түзүп, ишмердигиндеги айрым бир урунттуу  учурларын сахналаштырып, улуу муундагы замандаштарыбыздын эски ырларга болгон сагынычын таркатып чакан концерт тартуулап бердик.  Албетте, ушундай мыкты чыгармалар  Абдылдажан Амантуровичтин сөөлөтүнө, дөөлөтүнө жарашат. Мен сизди биринчиден, адам катары сыйлайм. Терек бийик өсөт, бирок мөмөсү жок, өрүк менен алма канчалык өскөн сайын ошончолук шагы ийилип жерге жакын болот. Сиздин даражаңыздын бийиктиги мына ушундай. Экинчиден, агай мыкты менеджер. Мен муну  Президенттин аппаратында иштеп жүргөн кезден билем. Агайга берилген тапшырма үчүн дайыма көңүлүм ток болоор эле. Бир сөз берсе сөзсүз өтөсүнө чыгат, майын чыгара жасайт.

“Ибадат менен бейишти табасың, кызмат менен жараткандын өзүн табасың” дейт. Сиз Манаска,  Чыңгызга,  Токтогул менен Алыкулга кызмат кылдыңыз, энциклопедиясын чыгардыңыз, ошондуктан даражаңыз бийик. Мен болсо ушунча ресурстарым менен маданияттын бир энциклопедиясын чыгара албай убарамын, — деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Мааракеге келген окумуштуу-илимпоздор, академиктер, коомдук ишмерлер Абдылдажан Акматалиевдин күжүрмөндүк менен иштеген мээнеткечтигин, кыргыз илимине, өзгөчө кыргыз филологиясына, “Манас” эпосуна, айтматов таануу илимине  кошкон опол тоодой салымын баса белгилешип, анын ишин үч багытта – окумуштуу, уюштургуч жана жөнөкөй эле адам катары карашып, мекенчилдигине баа беришти.

  • А.Акматалиевдин ишин үч багытта белгилеп айткым келет. Акматалиев – окумуштуу, Акматалиев – таланттуу уюштургуч, Акматалиев – адам. Кыргызстанда академиктер көп, бирок өзүнүн илимий мектебин түзгөндөр бирин-серин эле. Бул чоң ийгилик. Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн “Звезды содружества” премиясын алган эки-үч эле киши бар. Анын бири Абдылдажан. Мелис жаш кезинен эле кыргыздын эки дөөлөтү – “Манас” эпосу менен Айтматовдун чыгармачылыгын иликтөөгө батыл киришкен окумуштуу. Жаш кезинде эле “Манас” эпосунун  1000 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү катары чоң иштерди жасаган. Дээринде бар да. Айтматов дегенде Акматалиевди кошо билебиз. Анткени айтматов таануу илимин дагы ушул киши түздү, дүйнөгө таанытты. Адамгерчилигин айтсаң сөз жеткис. Анын ишинин баардыгы мамлекетке арналган, өтө мекенчил, — дейт Алтай Бөрүбаев.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов А.Акматалиевдин “Манас” эпосу боюнча аткарып жаткан иштерин өзгөчө баалап, төмөндөгүлөргө токтолду:

  • Биз өзүбүздүн тилибизге көңүл бурбасак, бара-бара мамлекет катары дагы, эл катары дагы кыйын күнгө туш келип калышыбыз мүмкүн. Бул жагынан Абдылдажандын эмгегин баса белгилеп кетүүгө болот. Жакында эле “Манас” эпосу боюнча ушул убакка чейин эч жерде чыкпаган эмгектерди, архивдик документтерди камтыган 1200 беттен турган жыйнакты чыгарып салды. “Манас” эпосу биз үчүн руханий дүйнөбүздүн эң бийик чокусу. Манастын кадыр-баркын билбей, ар түрдүү сөздөр сүйлөнүп келген жана дагы деле сүйлөнүп келе жатат. Керек болсо Манасты калмак, кытай кылып койгон жерлер бар. Бизди бир организм кылып кармап турган, бизди кыргыз кылып бириктирип турган жалгыз ушул  “Манас”. Абдылдажандын ошол баалуулукка карата жасап жаткан мамилесине, ишине таң берип, ыраазычылык билдирем. Эмгегиңди элиң бааласын.

 

АДАМДЫН ЭМГЕКТЕН УЛУУ ТИРЕГИ ЖОК

 

“БАГЫТЫНАН ТАЙБАГАН, МАҢДАЙ ТЕРИН ТӨГҮП ИШТЕГЕН, АКЫЛГА ЖАНА ТАЖРЫЙБАГА БАЙ ИНСАН”

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Т.Мамытовдун куттуктоосу:

…Сиз бир багыттан тайбаган, маңдай терин төгүп иштеген, акылга жана тажрыйбага бай, чыгармачылыкты туу туткан инсан катары илимди, анын ичинде кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө зор салым коштуңуз.

…Жогорку даражадагы кесипкөй, чыгаан инсан катары кыргыз эли үчүн алгылыктуу эмгектерди жасаган, жаштарга акыл-насаат айткан, улутубуз сыймыктанган  инсандардын бирисиз…

 

 

“АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ИЛИМИНДЕ ЖАҢЫЧА ОЙ ЖҮГҮРТӨ БИЛГЕН, ӨТӨ ПРОГРЕССИВДҮҮ ААЛЫМ”

КР Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун куттуктоосу:

…Сиз ушул куракка бүт өмүрүңүздү, илимий багыттарыңызды сөз дүйнөсүнө батырып  келдиңиз. “Манас”, фольклор, акындар поэзиясы, түрк элдеринин орток мурастары, профессионал адабият, адабий сын, кол жазмаларды жарыялоо жана айтматов таануу илимин эпогейине жеткире изилдеген аты улук окумуштуусуз.

Биринчиден, элибиз сизди кыргыздын улуттук идеологиясы —  Манастан жана Айтматовдон тапкан улуу инсан катары жогору баалайт, Сиздин ысымды жалпы эле Манаска жана Айтматовго кызмат кылган адам катары кабыл алат. Эки улуу дөөлөттү колдоо менен Сиз мамлекетибиздин руханий-маданий идеологиялык пайдубалын чыңдап, аны Манас полигонунан ааламга учуруп, дүйнө коомчулугуна жайылтууда атуулдук жана окумуштуулук баалуу үлүшүңүздү кошуп жаткан чыныгы патриот коомдук ишмерге татыдыңыз.

Экинчиден, “эл байлыгы элге” деген улуу принципти бекем кармап, кыргыз эли дүйнөдөгү жөндөмдүү элдердин бири деп сыймыктануу менен жарыялап, “Манас” эпосун дүйнөнүн сегизинчи керемети катары таанытып жатасыз. Демек, сиз азыркы кыргыз илиминде жаңыча ой жүгүртө билген, өтө прогрессивдүү аалымсыз.

Үчүнчүдөн, элдик оозеки чыгармачылык — бабалардын урпактарга мурас  катары калтырган баалуу байлыктарынын көлөмү жана мааниси боюнча орчундуусу. Элдин рухий казынасын Сиз “Эл адабияты сериясы” менен 40 том кылып чыгарып, эл байлыгын элге жеткирген күжүрмөн илимпозсуз…

 

«КАЙРАТЫ КАЖЫБАС ОКУМУШТУУ-ЖЕТЕКЧИ”

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевдин куттуктоосу:

…Кыргыз журту Сизди элибиздин руханий маданиятынын туу чокусу болгон “Манас” жана “Чыңгыз Айтматов” энциклопедияларын  чыгарууга ат көтөргүс эмгек жумшаган, кайраты кажыбас окумуштуу-жетекчи катары жакшы тааныйт. Сиздин уюштуруучулук жөндөмүңүздүн аркасында кийинки беш жыл аралыгында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагында элибиздин эскирбес адабий мурасы жана көөнөрбөс байлыгы болгон 250дөн ашуун кенже эпикалык чыгармалары менен акындар поэзиясы жарык көрүп, адабий журтчулуктун алкоосун алып, илимий чөйрөнүн элдик чыгармачылыкка болгон кызыгуусун арттырып, илимий изилдөө орбитасын кеңейтти…

 

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер