АДАМ УУЛУН АДАМ КЫЛГАН МУГАЛИМ
- 06.10.2023
- 0
«Мугалимдерге эң сонун кызмат берилген.
Андан жогору бул күндүн астында эч нерсе боло албайт».
Ян Амос Коменский
«Мугалим – уул баланы тарбиялап жатып, улутту тарбиялайт экен. Кыз баланы тарбиялап жатып, кылымдын жолун чабат экен! Улуттун уул-кызы – мугалимден адам болот экен! Адам уулун адам кылган – мугалим экен!»- деген кыргыз профессору, жазуучу Сулайман Рысбаевдин сөздөрү мага абдан жакты. Чын эле бардык адамдардын кесипкөйлүгү, адамгерчилиги, ааламга болгон көз карашы, инсан болуп калыптанышы мугалимден көз каранды. Менин апам дагы гумандуу мыкты мугалимдердин бири болгон. Ал алдыңкы ардактуу мугалимдердин өкүлү эле. Апам 1933-жылдын 20-июнунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. 2013-жылы 80 жаштагы апамдан айрылып калдык. Быйыл апам токсонго чыкмак. Аттиң ай, апам бар болгондо мүмкүн тойго камынып, токсон жаш торколуу тоюн өткөрмөкпүз. Жети баланын (эки уул, беш кыздын) энеси, 19 баланын чоң энеси, таенеси болчу.
“Эл агартуунуну мыктысы” төш белгисинин ээси Уметалиева Багыйла Чаек айылында Мидин Алыбаев атындагы мектепте башталгыч класстын мугалими, насаатчы мугалим катарында көп жыл үзүрлүү иштеген. Апам сабакка даярданганда дайыма чыгармачылык менен мамиле кылар эле. Карточкаларды кооздоп жасап, жер-жемиштин, жаныбарлардын сүрөттөрүн тартып, аларды ачык түстөгү боёктор менен боёп, катуу картон кагазга тарткан сүрөттөрүн жабыштырып, аларды кесип тактага койгондой кылып жасап чыкчу эле. Кээ бирде биз дагы кызыгып жардам берип, чогуу даярдаган күндөр али эсимде.
Район боюнча апам үлгүлүү мугалимдердин бири болчу. Окуучуларынын билими жогору, тартиби, тарбиясы күчтүү, мээнеткеч болчу. Көпчүлүк окуучулары кийин кесипкөй адис, үлгүлүү инсан, мыкты жетекчилер болушту. Апамдын кабинети дайыма таза, талапка ылайык жасалгаланган үлгүлүү кабинеттердин катарына кирчү. Көрсөтмө куралдары ачык, кооз, мазмундуу жана көрүнүктүү эле. Бөлмө өсүмдүктөрү да дайыма гүлдөп турчу. Окуучуларды шыктандыруу менен окутканы, тарбиялаганы, аларга чоң ишеним көрсөткөнү менен дайыма апам алдыда болчу деп ойлойм.
Биз кичинекей кезде апам жомок айтып, ыр ырдап берчү эле. Майрам болгондо, коноктор келгенде да дайыма жакшы тилектерин айтып, мекен, бала, ата-эне, бакыт жөнүндө ырларды көп ырдачу. үйдө да апам абдан көп жумуш жасачу. Кантип баарына жетишчү, азыр мен таң калам. Апам тамактын түрүн жасачу. Көмөч казанга жапкан нанын сагынам. Сонун жарма, чалап, куурма чай, максым жасап, көбүртүп бозо салчу. Кышында этти туздап, атайын ыштап сүрсүтчү эле. Курак жасап, төшөктүн түрүн (жер төшөк, кыргыз жана орус жууркан) каптачу, сайма сайчу, илме шибеге менен жаздык кап, майлык, жапкычтарды, сүлгүлөрдү кооздочу. Кол кап, байпак, топу, чыптама түйчү, көйнөк, белдемчи, чапан тикчү, жүндөн жип ийричү, аларды боёп, кийиз кылчу. Шырдактын, ала кийиздин түрүн жасачу, тери ашатчу, көлдөлөң жасачу.
Андан тышкары, апам жер-жемиштерди жакшы өстүрчү. Алма, өрүк, кара карагат, малина, чие, алча, калина, кара өрүктөн таттуу кыямдарды жасачу. Алардан шербет кайнатчу, как жасачу, кышкыга салаттын түрүн жапчу эле. Апамдын демилгеси менен үйдүн ичин жыл сайын актап, сырдап, тазалап, жаңыртып турчу элек. Мектепте да, үйдө да, эл арасында да апам кандай жумуш болбосун баарын сонун, сапаттуу, кооз, ийгиликтүү аткарчу.
Атам Ыбыш Батракеев, апам Уметалиева Багыйла өмүр бою мугалим болуп иштешти.
Бардык мугалимдерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Ишиңиздерге көптөгөн ийгиликтерди, эргүү жана жаратмандыкты каалайм! өлкөбүздүн келечеги кенен жана жаркын болсун!
Гулина БАТРАКЕЕВА, Салымбеков университетинин Эл аралык IT жана бизнес колледжинин ага окутуучусу
Комментарийлер