АДАМ УКУГУН, ЭРКИНДИГИН КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 08.12.2022
  • 0

АДАМ УКУГУН, ЭРКИНДИГИН КОРГОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

10-декабрь — Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо күнүнө карата Ысык-Көл мамлекеттик университетинде семинар өттү.  

Иш-чараны университеттин ага окутуучусу Ч. Сооронбаева уюштуруп, ага  КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү О.Тамаев, Ысык-Көл областынын ИИБнин башчысы К. Джумагазиев, КР   кыйноолорду алдын алуу борборунун Ысык-Көл облусунун өкүлү  Т.Сарыбаев, укук коргоочулар, журналисттер, студенттер, окутуучулар катышты.

1-сессиясы адам укуктары, миграция, сервистик тейлөө, кыйноолорду алдын алуудагы иш-чаралар ж.б. укуктук, мыйзамдык аракеттер тууралуу маалыматтар берилди. 2-сессияда доцент К.Боконтаева  тарабынан даярдалган дебат тобунун студенттери менен «КР  адам укуктары мыйзамдуу түрдө корголобу?» деген темада дебат өткөрүлдү. Студенттер абдан кызыгуу менен аргументтер аркылуу ойлорун ортого салышты. Жыйынтыгында дебатка катышкан студенттер ЫМУнун «Ыраазычылык  баракчасы» менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер