«АДАМ ТАГДЫРЫ. КЫРГЫЗСТАН – XX КЫЛЫМ» СЫНАГЫ

  • 23.04.2018
  • 0
«АДАМ ТАГДЫРЫ. КЫРГЫЗСТАН – XX КЫЛЫМ» СЫНАГЫ

«Полис Азия» аналитикалык борбору эскерүүлөрдүн, үй-бүлөлүк тарых-таржымалдардын жана эсселердин сынагын жарыялайт.

СЫНАКТЫН МАКСАТЫ — АДАМДАР ЖАНА/ЖЕ ҮЙ-БҮЛӨ БАШЫНАН КЕЧИРГЕН,

МУУНДАН МУУНГА ООЗЕКИ АЙТЫЛЫП КЕЛГЕН ОКУЯ, ЭСКЕРҮҮЛӨРДҮ ЖАЗЫП САКТАП КАЛУУ.

"АДАМ ТАГДЫРЫ. КЫРГЫЗСТАН – XX КЫЛЫМ" СЫНАГЫ

СЫНАК ТАЛАПТАРЫ

ЭМГЕКТЕР КЫРГЫЗ, ОРУС ЖЕ БАШКА ТИЛДЕ БОЛУП, КӨЛӨМҮ – 10 МИҢ БЕЛГИДЕН АШПООГО ТИЙИШ. «БИБЛИОГРАФИЯ ЖАНА БУЛАКТАР» БӨЛҮМҮНДӨ КОЛДОНУЛГАН БУЛАКТАР ТИЗМЕКТЕЛИП БЕРИЛИШИ ТАЛАП.

ИЗИЛДӨӨ УСУЛДАРЫ: КАГАЗГА ТҮШҮРҮЛГӨН ООЗЕКИ ТАРЫХ, КҮНҮМДҮК ТУРМУШ ТАРЫХЫ, ЧАКАН ТАРЫХ, ЖЕКЕ МҮНӨЗДӨГҮ МАТЕРИАЛДЫК ЖАНА ЖАЗМА БУЛАКТАРДЫ ИЛИКТӨӨГӨ АЛУУ.

 

ЖЫЙЫНТЫК ЧЫГАРУУ

СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ 2018-ЖЫЛДЫН АВГУСТ АЙЫНДА ЧЫГАРЫЛАТ. МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛГАН 20 ЭМГЕКТИН АВТОРЛОРУ ДИПЛОМ ЖАНА БААЛУУ БЕЛЕКТЕР МЕНЕН СЫЙЛАНАТ.

СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ЭМГЕКТЕРИ WWW.ESIMDE.ORG САЙТЫНДА ЖАНА «ЭСКЕРҮҮ. АЧЫЛБАГАН БАРАКТАР» ЖЫЙНАК-КАТАЛОГУНДА ЖАРЫЯЛАНАТ.

СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ 2018-ЖЫЛДЫН СЕНТЯБРЫНДА БИШКЕК ШААРЫНДА КОНФЕРЕНЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА ӨТҮҮЧҮ ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮ СЫЙЛОО АЗЕМИНЕ ЧАКЫРЫЛАТ.

СЫНАККА КАТЫШУУ

СЫНАККА КАТЫШУУ ҮЧҮН [email protected] ЭЛЕКТРОНДУК ДАРЕГИНЕ, ЖЕ БОЛБОСО БИШКЕК ШААРЫ, АБДРАХМАНОВ КӨЧ., 204 ДАРЕГИ БОЮНЧА ЭМГЕКТИ ЖӨНӨТСӨҢҮЗ БОЛОТ.

ЭМГЕКТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ МӨӨНӨТҮ – 2018-Ж. 1-июлуНА ЧЕЙИН

БАЙЛАНЫШУУ: (0312) 662069

Бөлүшүү

Комментарийлер