АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

  • 24.05.2018
  • 0

   Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү өзүнө караштуу бала бакчаларга жана мектептерге  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-мерчемин иштеп чыгып, пландуу иш-чараларды айыл аймактык, райондук деңгээлде өткөрүүдө.

Районубуздун мыкты кыргыз тили жана адабияты сабагынын  мугалими  Арстанбек Матраимовдун төмөндөгү  ырында айтылган маанинин маңызы да эч качан өчпөйт.

Тоом бар, топон сууга бүлгүс. жылгыс,

Зоом бар, атом бомба тыйпыл кылгыс.

Дал ошол бийиктиктин чокусунда,

Балбылдайт Чыңгыз деген жаркын жылдыз.

 

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары балдардын бал тилинде

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

“Насыйкат” атындагы №20 бала бакчасында “Чыңгыз Айтматов менен таанышабыз” деген темада жогорку тайпасында ачык саат,  “Алтын-Бешик” атындагы №22 бала бакчасында “Айтматовдун чыгармаларындагы жомок каармандары” деген темада “Бугу эне” жомогундагы каармандарды ролдоштуруп аткарышты. “Бала тили –бал” – деп айтылып келгендей, кичинекей бөбөктөрдүн тилинде  Ч.Айтматовдун чыгармалары окулуп, кичинекейлер аткарган сахна корүнүшү көрүүчүлөрдү, райондук Билим берүү бөлүмүнөн барган усулчулар: Ж.Маматова, Г.Дооронкулова, С.Мурзаева, У.Ташкенбаев,  Н.Нуралиеваларды кайдыгер калтырбады. Түзүлгөн иш-мерчемдин негизинде бала бакчаларда  жыл бою иш-чаралар өткорүлө бермекчи.

 

Айтматов ааламы – окуучулардын жан дүйнөсүндө

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

          “Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата” окуучулар арасында мектептеринде, айыл аймактарында,  райондук деңгээлде “Ч.Айтматовдун чыгармалары жана менин андан алган таасирлерим” деген темада дил баяндар,  Ч.Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу сынактары  болуп өттү. Бул сынактар окуучулардын билимин, чыгармачыл таланттарын өстүрүп, алдыга сүрөгөн демилге болду.

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

“Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз”

Райондук билим берүү бөлүмүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы №17/2 буйругунун негизинде     “Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана биз” аттуу сынагы болуп өттү. Сынакта Ч.Айтматовдун калемине таандык аңгемесинен баштап, повесть, романдарынан үзүндү көрүнүштөр, көркөм окуулар, чыгармаларындагы каармандарга арналган обондуу ырлар жандуу үндө аткарылып, маалыматка  бай баннерлер көп адамды кайдыгер калтырбады. Ч.Айтматовдун “Эрте келген турналар”, “Жамила”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Атадан калган туяк”, “Кыямат”, “Кылым карытар бир күн”, “Биринчи мугалим”. “Саманчынын жолу” . “Делбирим”чыгармаларынын каармандары болуп, образ жаратып, созолонтуп “Арыба Гүлсарыны”, “Илияздын ырын”. “Раймалы менен Бегимайдын махабат дастанын” жандуу үн менен ырдаган мугалимдер, бул күндөрдү шаңга бөлөштү.

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

2018-жылдын 28-апрели күнү Базар-Коргон райондук Манас Бердибеков атындагы маданият үйундө жогорудагы сынактын райондук туру эң жогорку деңгээлде өткорүлдү. Бул мугалимдерди толкунданткан, алгылыктуу сынакта 1-орунду Акман айыл аймагынан келген токтогул атындагы №5 гимназия орто мектебинин, 2-орунду Могол айыл аймагынан келген С.Далбаев атындагы гимназия орто мектебинин, 3-орунду Талды-Булак айыл аймагынан келген Р.Чойбеков атындагы №27 орто мектебинин мугалимдер жамааты алышты. Жыйынтыктоодо Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Адышева Замира Адышевна, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Усеновдор куттуктоо сөздөрүн айтышып, билим берүү бөлүмүнөн даярдалган белектерди мектептерге беришти.

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

 

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

Бул сынак 2018-жылдын 2-май күнү Жалал-Абад мамлекеттик телевидениеси аркылуу жумурай журтка көргөзүлдү.

Чыңгыз Айтматов –  жандуу обон,  жандуу сүрөт, ооз комузда…

 

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата Арсланбоб атындагы №19 жана Ю.Исламов атындагы №34 өзбек тилдүү орто мектептеринин арасында мамлекеттик тилде 2018-жылдын 16-май күнү “Ч.Айтматов – залкар жазуучу” деген темада кароо-сынак өттү.

АДАБИЯТТЫН ЖАРКЫРАГАН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ

 

Мугалимдердин жаңы идеялары камтылган бул сынакта залкар жазуучуну даңазалаган ырлар, көркөм окуулар, сахна көрүнүштөр, майлуу боёк менен тартылган жандуу сүрөт көпчүлүккө көргөзүлүп, таасирлүү, азыр учур, эртең тарых болчу дилге жаккан иш-чара болду.

Маматова Жаркын, Ташкенбаев Улугбек, Базар-Коргон райондук билим берүү  бөлүмүнүн алдындагы окуу усулдук кабинетинин усулчулары

Бөлүшүү

Комментарийлер