АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ «АЛТЫН КАЛЕМ» АЗЕМИ

  • 14.12.2021
  • 0

12-декабрь — Улуттук Адабият күнүнө карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КР Улуттук жазуучулар союзу биргелешип жарыялаган акын-жазуучулардын республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Майрамдык иш-чарага КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, адабият күйөрмандары катышты.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Министрдин орун басары С.Аманова жалпы калемгерлерди майрамы менен куттуктап, адабий сыйлыкты уюштуруу, өткөрүүнүн максаты жөнүндө кенен айтып берди.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Улуттук жазуучулар бирлигинин жетекчиси Н.Калыбеков “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялап, поэзия, проза, драма жанры боюнча жеңүүчүлөр “Алтын калем” статуэткасы, диплом жана сертификат менен сыйланды.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Калыстар тобунун чечими менен сынактын жобосуна өзгөртүү киргизилип, ар бир жанр боюнча бирден гана жеңүүчү каралса, чукул чечимге ылайык, ар бир жанр боюнча үчтөн жеңүүчү белгиленгенин кабарлай кетели. Ошентип, поэзия жанры боюнча Улукбек Омокеев, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, проза жанры боюнча Топчугүл Шайдуллаева, Айдарбек Сарманбетов, Арслан Койчиев, ал эми драма жанры боюнча Капар Токтошов, Нурлан Абдырахманов жана Тыныбек Сыдыков жеңүүчү аталды.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Улуттук Адабият күнү жеңүүчү катары жылдызы жанган калемгерлердин арасында биздин гезиттин баяндамачысы Арслан Койчиев жана гезитибизде бир катар жылдар башкы редактордун орун басары болуп эмгектенген Бурул Сарыгулова да бар. Арслан Койчиев «Беделдеги каргыш» («Мисмилдирик») тарыхый романы аркылуу адабиятка жаңылык алып келсе, Бурул Сарыгулова көркөмдүгү бийик бир топ ыр китептердин автору болуп саналат.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Кыргыз аялдар прозасынын көрүнүктүү өкүлү, таланттуу калемгер, турмуштан алынган кыска-нуска аңгемелердин автору Топчугүл Шайдуллаева да бул жолку «Алтын калемдин» татыктуу ээси болду.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Салтанатка катышкан белгилүү балдар жазуучусу, бөбөктайлардын «Алиппе» китебинин автору Сулайман Рысбаев мындай чечимди колдоорун айтат.

— Калыстар тобу эң туура чечим чыгарыптыр. Жүз миңди бир кишиге бергенден көрө, үчөөнө бергени туура болду. Кеп акчада эмес! Кеп мотивацияда деп ойлойм. Мына бүгүн канча таланттын жылдызы жанды! Эми алар мындан сонун чыгармаларды жаратышат, — дейт көп кырдуу талант ээси Сулайман Рысбаев.

Уюштуруучулардын айтуусунда, быйылкы «Алтын калем» сынагына 200гө чукул чыгармалар келип түшкөн. Сынактык иштердин сапаты да жылдан-жылга жакшырып баратканы белгиленди.

— Биз мурда деле «Алтын калемди» тапшырып жүргөнбүз. Анда акчалай сыйлыгы жок эле дипломду карматып койчубуз. Быйыл Өкмөттүн колдоосу менен акчалай сыйлыкка деп жарым миллион бөлдүрүп алдык. Азыркыда үч жанр боюнча жеңүүчүлөрдү аныктап жатсак, эмки жылдан баштап көркөм котормо менен адабий сынды кошобуз. Орус тилинде жазылган чыгармалар да өзүнчө бааланат, — дейт Улуттук жазуучулар бирлигинин жетекчиси Н. Калыбеков.

Калемгерлерди Адабият күнү менен кыргыз парламенти да куттуктады. Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбекова КР эл жазуучусу М.Абакировго, А.Жакшылыковго жана КР эл акыны М.Мамазаировага ыраазычылык каттарын тапшырып, КР Улуттук жазуучулар союзуна өлкө парламентинин атынан акчалай жардам берди.

Мындан тышкары, маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн калемгерлер Гүлайым Калыбекова, Садырбек Турдубек уулу, Сезим Толукбаева министрликтин Ардак грамотасы менен сыйланды.

АДАБИЯТ КҮНҮНДӨГҮ "АЛТЫН КАЛЕМ" АЗЕМИ

Жалпы меймандарга Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёрлору жана элибизге белгилүү ырчылар майрамдык маанай тартуулашты.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер