АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

  • 15.12.2022
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы маданият үйүндө №3 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Рысбаева Гүлмира Абдываповнанын жетекчилигинде  «Аалам алпы — Айтматов» аттуу адабий-музыкалуу кече болуп өттү. 

АДАБИЯТ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

Кечеде жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына арналган слайд көрсөтүлүп, андан кийин Ч. Айтматовго арналган ырлардан көркөм окуу 7 тилде (кыргыз, казак, түрк, англис, кытай, корей, орус) аткарылды. «Биринчи мугалим», «Кылым карытар бир күн» чыгармалары боюнча сахналаштырылган үзүндүлөр көрсөтүлүп, жазуучунун чыгармаларын  камтыган «Махабат сыры» деген ырынан соң Гүлмира эжекенин  аткаруусунда «Чыгармаң сени жоктоду» деген эскерүү  ыры да жаңырып өттү. Кеченин аягын «Ч.Айтматовдун каармандары эскерет» аттуу театрлаштырылган эпизод жыйынтыктап, өзгөчөлөнгөн аткаруучуларга ардак грамоталар тапшырылды.
Чыгып сүйлөгөндөр кеченин жогорку деңгээлде өткөнүнө, аны даярдаган Г.Рысбаеванын издемчил талбаган аракетине жогору баа беришти.

Байыш МҮСҮРАЛИЕВ, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер