АДАБИЙ КЕЧЕ: “ААЛАМДЫН АКЫЛМАН СҮРӨТКЕРИ”

  • 09.12.2018
  • 0

2018-жылдын 4-декабрь күнү «Билим Бишкек kg» мектеп-комплексинде улуу ойчул, белгилүү инсан Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин утурлай «Ч. Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери» аттуу адабий кече болуп өттү.

Салтанатка мектептин администрациясы, жалпы жамааты жана окуучулары активдүү катышып, улуу жазуучунун талантына таазим этишти. Кече үч бөлүктөн туруп, кыргыз, орус жана англис тилдеринде өттү.

Биринчи бөлүктө окуучулар жана мугалимдердин катышуусу менен Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повесттинен үзүндү жогорку деңгээлде коюлуп, чыгармаларынын дүйнө жүзүндөгү орду жөнүндө маалымат берилсе, экинчи бөлүктө чыгармаларынан монологдор окулуп, арноо ырлары айтылды. Ал эми үчүнчү – англис тилинде өткөн бөлүктө мугалимдер жана окуучулар Ч. Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгы, басып өткөн жолу, жарык көргөн китептери туурасында кеп куруп беришти.

Адабий кечеге келип катышкан коноктор — филология илимдеринин доктору М. К. Көлбаева, филология илимдеринин кандидаты М. К. Байгазиевдер Айтматовдун кең дүйнөсүнө токтолуп, кеченин үч тилде өткөндүгү өзгөчө экендигин баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти С. Бейшекеев Ч. Айтматов менен болгон эстен кеткис жолугушуусу, ал инсандан алган таасири туурасында кеп козгоп келип, өзүнүн белгилүү «Махабат дастаны» чыгармасын комуздун коштоосунда аткарып берди. Кече мектеп-комплекстин директору М. Ж. Айтикееванын сүрөт тартуу жана дил баяндардын конкурсундагы жеңүүчүлөргө белек тапшыруу менен аяктады.

Айбек ЭМИЛБЕКОВ,

ОТИ боюнча директордун орун басары

 

Бөлүшүү

Комментарийлер