«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» Министр Догдуркүл Кендирбаеванын бир күнү
- 03.06.2026
- 0
Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн бир күнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге өткөрөт. Министрдин бир иш күнү республикадагы алдыңкы ЖМКлар тарабынан түз алып көрсөтүүдө.

https://www.facebook.com/share/v/17Zxb7qvYo/?mibextid=wwXIfr
Кесипке багыттоо жана интеграция
«Кыргызстанда жумушчу кесиптерге болгон таңкыстык абдан жогору. Бизде болуп көрбөгөндөй курулуш иштери кулачын жайды. Туристтик-сервистик өлкөгө айланып атабыз. Миллиондогон туристтер келип жатат, аларды тейлей турган адистерибиз жетишпейт. Ошон үчүн мектептин базасында кесиптик билим берүүнү айкалыштыруу менен бир эле мезгилде жумушчу кесип боюнча диплом алып чыгат. Ар бир мектепте билим алган инсан эмгек рыногунда өзүн багуу, өзүнүн муктаждыгын ишке ашыруу кудуретине ээ болуш керек”,- деди министр.
Учурда предпрофилдик окутуу боюнча 14 программа даярдалып, Кыргыз билим берүү академиясынын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилди.
Базистик окуу планында 8-класстар үчүн атайын сааттар бөлүнгөн. Анын негизинде Кыргыз билим берүү академиясы тиешелүү окуу программаларын иштеп чыгып, бардык материалдарды билим берүү уюмдарына жеткирет. Жай мезгилинде бул багыттагы мугалимдердин баары атайын окуулардан өткөрүлөт.
Быйыл профилдик окутууга даярдыктын биринчи жылы болмокчу. Кийинки жылдан тартып мектептерди профилдер боюнча бөлүштүрүү иштери башталат. Мисалы, бир нече мектеби бар райондордо, шаарларда жана айылдарда физика-математикалык багытта тереңдетилген билим берүүчү мектептер түзүлөт.
Ошондой эле химия-биологиялык багыттагы мектептер өнүктүрүлөт. Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы өздөрүнүн атайын программаларын сунуштайт. Быйыл окуучуларды кесипке багыттоо боюнча даярдык иштери жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, гуманитардык жана арт багытындагы мектептер да түзүлөт. Дагы бир маанилүү багыт – кесиптик-техникалык билим берүүнү мектептин өзүндө интеграциялоо. Анткени бүгүнкү күндө Кыргызстанда ширетүүчү, электрик, сантехник сыяктуу жумушчу кесиптердин ээлерине болгон суроо-талап жогору бойдон калууда.
Ал эми окуу китептери тууралуу төмөнкүлөргө токтолду
«Учурда биз мамлекеттик менчиктеги окуу китептерин басып чыгаруу үстүндө иштеп жатабыз. Бул багытка мурда болгону 56 миллион сом бөлүнүп келсе, былтыр 856 миллион сом, ал эми үстүбүздөгү жылы 744 миллион сом жумшоо алдында турабыз. Жалпысынан бул максаттарга миллиард сомго чукул каражат каралган. Мындан сырткары, улуттук гуманитардык предметтер — тарых, кыргыз тили, адабияты жана география боюнча конкурс жарыяланды. Заманбап талаптарга жооп берген, балага багытталган жаңы муундагы окуу куралдарын иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, комиссия тандалып алынды. Аларды каржылоо булактары толугу менен чечилген. Жаңы окуу китептеринде каталар кетпеши үчүн, 120дан ашык такшалган, таланттуу мугалимдердин кылдат талдоосунан өтүп жатат».

Министр Агартуу министрлигиндеги иш ордуна кайтып келгенден кийин эң алды имараттагы кенжетайлар бөлмөсүнө баш бакты. Министрди коштоп келген ЖМК өкүлдөрү «Бөбөктай» деп аталган балдарды эрте өнүктүрүү борборунун ишмердүүлүгү менен .таанышты.

«Ата-энелерден ремонтко акча жыйнап аткан фактылар бар болсо укук коргоо органдарына бергиле деди. Акча жыйнабаш керек», — деди министр.
2025-2026-окуу жылында Кыргызстандагы мектептерди оңдоого республикалык бюджеттен 404 миллион сом бөлүндү. Быйыл каражат курулуш материалдарын сатып алууга гана эмес, оңдоо иштерин жүргүзүүгө дагы жумшалат. Учурда өлкө боюнча мектептердин муктаждыктары камсыздалып, оңдоо иштерине байланыштуу тендерлер өткөрүлүүдө.

«Окуу китеби» мамлекеттик мекемеси — рекорддук көрсөткүчтөр
Андан соң «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери, эксперттери жана журналисттер катышкан маанилүү жолугушуу өткөрдү. Жыйында окуу китептеринин сапатын жогорулатуу, мазмунун байытуу жана басма иштерин заман талабына ылайык уюштуруу маселелери кызуу талкууланды.
Жолугушуунун алкагында министр тарабынан бир катар чечүүчү талаптар жана тапшырмалар коюлду.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Окуу китеби” мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов акыркы жылдардагы китеп басып чыгаруунун көрсөткүчтөрүнө токтолду: “2017-2024-жылдары өлкөдө 3 миллион 740 миң окуу-методикалык комплекс басылып чыкса, 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллион 735 миң 870 окуу-методикалык комплекс басылган. Муну менен катар 651 миң окуу-методикалык комплекси “Просвещение” менен биргелешип чыгарылды.

Министр өз сөзүндө окуу китептеринин ички мазмунуна жана сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи. Анын айтымында, жаңы муундагы китептерди даярдоодо улуттук колоритке басым жасоо – башкы талаптардын бири. Бул окуучулардын билим алуусу менен бирге, алардын улуттук баалуулуктарды терең түшүнүп өсүшүнө шарт түзөт.
Мектеп окуучуларынын ден соолугуна кам көрүү жана ата-энелердин көптөгөн суранычтарын эске алуу менен, мындан ары китептердин салмагын жеңилдетүү чаралары көрүлөт. Бул максатта окуу китептерин бир нече бөлүктөргө бөлүп басып чыгаруу ишин колго алуу тапшырылды.
Ошондой эле, министр китептердин мазмуну жана андагы жаңылыктар тууралуу ата-энелер арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин айтты. Жаңы окуу китептеринин мазмуну жана түзүлүшү боюнча ата-энелер менен ачык диалог түзүү – билим берүүдөгү түшүнбөстүктөрдү алдын алат.
Жолугушууда көтөрүлгөн дагы бир курч маселе – мыйзамсыз басылган окуу китептери болду. Д. Кендирбаева базарлардагы жана мектептердеги контрафакттык (жалган) китептерди аныктоо иштерин күчөтүүнү тапшырды. Тиешелүү адистер тарабынан аныкталган мындай мыйзам бузуулар боюнча бардык маалыматтарды токтоосуз укук коргоо органдарына өткөрүлүп берүүсү керектигин дагы бир жолу айтты.
Китептердин оордугуна байланыштуу ата-энелер нааразычылыгын билдирип келет. Бул маселени чечүү максатында эми бардык китептер эки бөлүккө бөлүнөт.
Министр Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, окуучулар китептерди мектепке таштап, үйдөн ата-энелер менен бирге электрондук китептерди колдонмо болот. Бул максатта ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Англис тили предмети боюнча 3-9-класстар үчүн окуу методикалык комплекстер:
3-класс: 148 830
4-класс: 322 350
5-класс: 305 010
6-класс: 299 850
7-класс: 288 750
8-класс: 282 050
9-класс: 270 730
Математика предмети 1-, 2-, 5-, 7-класстар үчүн ОМК:
1-класс: 295 880
2-класс: 344 660
5-класс: 306 360
7-класс: 289 930
1-2класстар үчүн “Табигый илимдер – мен жана дүйнө” предметинин ОМКсы:
1-класс: 295 880
2-класс: 344 660
5-класс: 306 360
7-класс: 289 930
Учурда 3-, 4-, 6-, 8-, 9-класстар үчүн окуу китептерин адаптациялоо иштери башталды.
2017-2024-окуу жылында 3,74 миллион китеп чыкса, 2025-жылы бир жыл ичинде эле төрт миллиондон ашык жаңы муундагы китептер басылып чыкты.
«Туңгуч» онлайн мектеби
Андан аркы сапарынын алкагында өлкөбүздөгү алгачкы «Туңгуч» онлайн мектебине барып, анын ишмердүүлүгү жана заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышты.

Мектептин директору Айсулуу Жамангулова министр Догдуркүл Кендирбаевага жана ЖМК өкүлдөрүнө маалымат берүүдө
«Туңгуч» онлайн мектеби — Кыргызстандын билим берүү тарыхындагы алгачкы расмий мамлекеттик статус алган аралыктан окутуучу санариптик долбоор. Ал Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан салттуу мектепке бара албаган балдарга заманбап жана жеткиликтүү билим берүү максатында түзүлүп, 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып расмий түрдө өз ишин баштаган.
Мектеп биринчи кезекте өлкө сыртында (өзгөчө Орусияда жана башка чет мамлекеттерде) ата-энеси менен жүргөн, бирок өз тилинде кыргызстандык программа менен окууну каалаган окуучуларга, ар кандай себептер менен кадимки мектепке физикалык түрдө бара албаган окуучуларга жана географиялык жактан алыстыгына же башка турмуштук жагдайларга байланыштуу салттуу мектепке каттоого мүмкүнчүлүгү жокторго эсептелген.

Мектеп негизги жалпы билим берүү (5–9-класстар) жана орто жалпы билим берүү (10–11-класстар) программаларын ишке ашырат. Окуу процесси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жаңы мамлекеттик стандарттарына жана заманбап электрондук окуу китептерине негизделген. Окутуу негизинен атайын түзүлгөн электрондук платформа аркылуу эки форматта жүргүзүлөт.
Мектептин директору Айсулуу Жамангулованын билдирүүсүнө караганда, окуучулар үчүн жаңы мамлекеттик стандарттын негизинде заманбап электрондук китептер толугу менен даярдалган. Өз предметин мыкты билген дасыккан педагогдор жумушка тартылган бул билим очогуна кабыл алуу иштери 1-августтан тарта www.tunguch.kg сайты аркылуу онлайн форматта ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Министр санариптик мектептин ишин жогору баалап, бул тажрыйба өлкө билим берүүсүн санариптештирүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи.
Алдыңкы билим уясында
Министр ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда андан ары Улуттук инновациялык техникалык лицейдин бүтүрүүчүлөрү менен жолугуп, алар менен баарлашып, ак жол каалады.

Аталган лицейде азыркы учуда жогорку билимдүү 165 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 2 мугалим педагогика илимдеринин канидаты (математика-информатика, химия предметтери боюнча) 49-билим берүүнүн отличниктери, 82-жогорку категориядагы, 8-1 категориядагы, 11-экинчи категориядагы, 19- категориясы жок мугалим.
«Учкун» басмаканасында китеп басып чыгаруу процесси кызуу жүрүүдө
Министрдин бүгүнкү бир күндүк иш күнүнүн алкагында негизги багытынын бири «Учкун» ачык акционердик коомунун басмаканасы болду. Ал жакка барган министр жалпы журналисттердин коштоосунда жаңы окуу китептеринин басылып чыгуу процесси менен жакындан таанышты.

Учурда басмаканада табигый илимдер жана англис тили китептери бирдиктүү линия менен үзгүлтүксүз басылууда. Белгилей кетсек, бул жолу ата-энелердин сунуш-пикирлери жана өтүнүчтөрү эске алынган. Алсак, окуучулардын мектеп сумкасынын салмагын жеңилдетүү жана ден соолугуна кам көрүү максатында, башталгыч класстардын окуу китептери атайын эки бөлүккө бөлүнүп чыгарылууда. Муну менен катар, заман талабына ылайык, китептердин электрондук варианттары да кошо даярдалган. Түзүлгөн жаңы окуу куралдары толугу менен мамлекеттин менчиги болуп саналат. Өзгөчө баса белгилей турган жагдай, 1-класстын өнүктүрүүчү багыттагы жаңы китебиндеги каармандардын, тактап айтканда, балдардын аттарын өлкө президенти өзү тандап берип, өзгөчө маани берген. Министр басмакананын иши менен таанышуу учурунда китеп сапаты жана мазмуну өсүп келе жаткан муун үчүн абдан маанилүү экенин айтып, даярдык иштери өз нугунда баратканын коомчулукка ачык көрсөттү.

Келечектин IT адистерин даярдаган жай: №99 лицей
Андан аркы сапарында №99 кесиптик лицейине барды. Аталган окуу жай учурда эмгек рыногунда эң суроо-талапка ээ болгон маалыматтык технологиялар (IT) боюнча жаш адистерди даярдоодо алдыңкы катарда турат.
Иш сапардын жүрүшүндө министр лицейдин окутуучулар жамааты жана студенттери менен жакындан жолугуп, кенен пикир алышты. Студенттер министрге өз колдору менен иштеп чыккан стартап-долбоорлорун, программалык камсыздоолорун жана актуалдуу темалардагы дипломдук иштерин көрсөтүп, кызыктуу бет ачарларды өткөрүштү. Жаш таланттардын заманбап технологиялык чечимдери жана креативдүү идеялары өзгөчө белгиленди.

Бүгүнкү күндө №99 лицейде 600гө жакын студент заманбап IT багыттары боюнча тереңдетилген билим алууда.
Окуу жайдын ийгилигинин башкы сыры — анын күчтүү материалдык-техникалык базасында. Лицей акыркы үлгүдөгү компьютердик жабдыктар, жогорку ылдамдыктагы интернет жана заманбап лабораториялар менен толук камсыздалган. Мындай заманбап шарттар студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттырып, теориялык билимди практика менен айкалыштырууга эң сонун өбөлгө түзүүдө.
Жолугушуунун соңунда IT тармагы өлкө экономикасынын кыймылдаткыч күчү экенин ортого салып, лицейдин эмгек жамаатына сапаттуу билим берүүдөгү ийгиликтерди каалады жана мамлекет тарабынан кесиптик-техникалык билим берүүнү колдоо мындан ары да күчөтүлөрүн баса белгиледи.
Ачык айкындуулукка кадам: Агартуу министри Д. Кендирбаева «Ачык кабинетти» жыйынтыктап, реформалардын жүрүшүн талкуулады

«Журналисттер менен диалог — реформалардын күзгүсү»
Иш-чаранын соңунда министр «Кыргыз Туусу» басма үйүнө атайын келип, маалымат айдыңындагы актуалдуу маселелер боюнча жандуу маек курду. Д.Кендирбаева ММК өкүлдөрү менен болгон бул кездешүү жөн гана расмий отчёт берүү эмес, пикир алмашуунун жандуу аянтчасы болгонун өзгөчө баса белгиледи:
«ММК өкүлдөрү менен болгон бул иш-чара абдан кызыктуу жана натыйжалуу болду. Биз коомчулукка билим берүү тармагындагы реформалар тууралуу жандуу айтып берүү менен бирге, журналисттер тарабынан берилген курч суроолор аркылуу реалдуу абалды дагы бир сыйра талдап чыктык».

Министрдин айтымында, мындай ачык жолугушуулар кабыл алынып жаткан чечимдердин коомдо кандай кабыл алынып жаткандыгын түшүнүүгө жана иштин сапатын жогорулатууга көмөктөшөт.
Билим берүүдөгү реформалар: Мазмундук жана структуралык өзгөрүүлөр
Маектин жүрүшүндө билим берүү тармагын модернизациялоо, анын ичинде мектеп программаларын жаңылоо жана санариптештирүү маселелери негизги орунду ээледи. Учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында мектептерди заманбап стандарттарга өткөрүү, эл аралык тажрыйбаларды (мисалы, Кембридж багытындагы окуу куралдарын) адаптациялоо процесси кызуу жүрүүдө.
Агартуу министрлигинин «Ачык кабинет» демилгеси коомчулукта чоң резонанс жаратты. Журналисттер билим берүүдөгү бюрократияны азайтуу, мугалимдердин статусун жогорулатуу жана региондордогу мектептердин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча суроолорго түз жооп ала алышты.
Министр Д.Кендирбаева өз сөзүндө реформалардын ийгилиги бир гана министрликтен эмес, жалпы коомчулуктун, ата-энелердин жана медиа өкүлдөрүнүн колдоосунан түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. «Кыргыз Туусундагы» бул маек агартуу тармагындагы жаңылануулардын жаңы толкунуна дем берери талашсыз.









Комментарийлер