Абитуриенттерге эскертүү: ЖРТ 17–23-майда өтөт
- 28.04.2026
- 0
2026-жылы Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт.
Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт. Абитуриенттер Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өткөрүлө турган борборлордо (мектептерде) каттала алышат. Каттоо иштерин атайын администраторлор жүргүзөт.
Тестке кирүү үчүн абитуриенттер паспорттун түп нускасын жана каттоо учурунда берилген талонду милдеттүү түрдө алып келиши керек.
Бөлүшүү




Комментарийлер