АБИТУРИЕНТ, ЖРТга КАТТАЛ!
- 04.04.2019
- 0
Жалпы республикалык тестирлөө тапшырам деген абитуриенттер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. Бул тууралуу Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, 18-февралда башталган каттоо 4-апрелде жыйынтыкталат.
- ЖРТга даярдык азыркы учурда өтө кызуу жүрүп жатат. Анткени майга чейин аз эле убакыт калды. ЖРТ тапшыруучулар үчүн 18-февралда башталган каттоо 4-апрелге чейин созулат. Кимде-ким тестирлөөдөн өтөм деп, бирок буга чейин кабардар болбосо, каттоодон өтүшү шарт. Катталган гана абитуриент ЖРТ тапшыра алат, — деди Батракеева.
Ал тестирлөө дептерлери даярдалып жатканын кошумчалады.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер