АБИТУРИЕНТ, ЖОЖго ТАПШЫРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН БИЛЕСИҢБИ?

  • 28.06.2018
  • 0

2018-2019-окуу жылына жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу 9-июлда башталат. Бул жылы дагы мурункудай эле негизги тесттен 110, предметтик тесттерден 60 жогору балл топтогон абитуриенттер гана кабыл алынат.   

Кабыл алуу өнөктүгүнүн биринчи туру бардык окуу жайларда 9-июлда саат 9.00до башталат. 11-июлда саат 14.00до талон кыркуу токтотулуп, 12-июлда   10.00гө чейин кабыл алуу үчүн сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет. 12-14-июлда абитуриенттер өткөн окуу жайына келип, окуй тургандыгын тастыкташы керек. Эгерде абитуриент көрсөтүлгөн мөөнөттө келип, тастыктап кетпесе, анда анын орду бош калат.

Экинчи тур 16-июлда башталып, 21-июлда аяктайт. Талондорду кыркуу 18-июлда саат 14.00до токтотулуп, жыйынтыгы эртеси саат онго чейин илинет. Биринчи турдагыдай эле бул турда дагы тизмеси илинген абитуриенттер 19-21-июлга чейин окуй тургандыгын тастыкташы керек.

Үчүнчү тур КР Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен 23-28-июлда өткөрүлөт. Бул турда деле үч күн талондор чогултулуп, төртүнчү күнү жыйынтыгы чыгарылат. 26-28-июлда  абитуриенттер каалоосун тастыкташат.

25-августка чейин Билим берүү жана илим министрлигине толук отчет берилип, абитуриенттердин тизмеси Билимди баало жана окутуу усулдары борборуна тастыктоого жөнөтүлөт.

Быйыл 26180 абитуриент ЖОЖго тапшыруу укугуна ээ

Бул жылы жогорку окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө жалпы республикалык тест тапшырган абитуриенттердин 26180, башкача айтканда, 57% гана ээ болду. Алардын орточо баллы 119,4 түзөт. Бул былтыркыга салыштырмалуу 2,4 баллга жогору. Быйыл жалпы 62 миңдей окуучу мектепти аяктаса, 25 миң бала колледждерди бүтүрдү.

 

Сырттан жана кечки бөлүмгө кабыл алуунун мөөнөтү жож тарабынан өз алдынча бекитилет.

 Ар бир турда абитуриент гранттык орун үчүн бир, келишимдик негизде окуу үчүн эки талонун пайдалана алат. Талонду кыркып таштап жатканда сертификаттын түп нускасын көрсөтүшү керек.

Гранттык орундарга кабыл алууда абитуриенттредин социалдык абалы эске алынат:

  • Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү;
  • Облустук борборлордун жана чакан шаарчалардын бүтүрүүчүлөрү;
  • Айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү;
  • Бийик тоолуу аймактардын бүтүрүүчүлөрү;
  • Жеңилдиги бар абитуриенттер (I, II топтогу майыптар, согуштун катышуучусу жана согуштун майыбы жеңилдигине жана кепилдигине теңештирилгендер, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калгандар, запастагы аскер кызматкерлери, 2002-жылдагы Аксы окуясынын, 2010-жылдагы окуяларда каза болгондордун балдары, кайрылман статусу барлар).

Конкурс ар бир категория боюнча өзүнчө жүрөт. Жеңилдик берилген абитуриенттер гранттык орундарга өзүнчө квота менен кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматкери тууралуу статусу» жөнүндө мыйзамга ылайык чукул арада аскер кызматын өтөгөндөргө окууга тапшырууга артыкчылык укуктары берилет. Кызмат өтөй тургандардын тапшырган ЖРТсынын жыйынтыгы үч жылга чейин, аскер кызматын өтөп бүткөнчөктү жарактуу болот. Алар сертификатынын талондорун турларга карабай таштай алышат.

Жогорку же орто кесиптик билимдин базасында профили боюнча тездетилген программаларга тапшыргандар жождун өз алдынча өткөргөн  аттестациялык  текшерүүсүнөн өтүшөт.

Педагогикалык жана медициналык адистиктер боюнча бюджеттик окууга кабыл алынган студенттер менен окуу жайды бүткөндөн кийин бөлүнгөн аймакта милдеттүү түрдө иштеп берүү боюнча үч тараптуу келишим түзүлөт.

Кошумча предметтик тесттер талап кылынуучу адистиктерге негизги жана предметтик тесттерден тийиштүү балл топтогондор гана тапшыра алышат. Кошумча предметтик тестти талап кыла турган адистиктер жана багыттар боюнча гранттык дагы, контракттык дагы орундарга негизги тесттен тийиштүү балл топтоп, бирок тийиштүү предметтик тестти тапшырбай калгандар кабыл алынышы мүмкүн. Бирок предметтик тесттерди тапшыргандарга биринчи мүмкүнчүлүк берилет.

 

Маданият жана искусства окуу жайларына жана дене тарбия, спорт адистиктерине ЖРТнын жыйынтыгы талап кылынбайт.

 

Былтыр кабыл алуунун планы 42% толгон

2017-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 48449 абитуриент катышып, орточо баллы  117,8 түзгөн. Жылдагыдай эле негизги тесттен 110 балл, предметтик тесттерден 60 баллдан жогору топтогондр кабыл алынган. Кыргыз улуттук агрардык университетине гана негизги тесттен 100 балл алгандарды кабыл алууга уруксат берилген.

Бул жылы 5705 гранттык орун бөлүнгөн. Бирок анын 551 оруну толбой калган.  Квота боюнча гранттык орундарга 69 абитуриент кабыл алынган. Анын 17 ЖРТдан жогорку балл алгандар болсо, 38 жетим жана ата-энесинен кароосуз калган балдар, 13 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, бирөө 2010-жылдагы окуядан каза болгондордун баласы. Эл аралык келишимдер  жана этникалык кыргыздарга бөлүнгөн 215 гранттык орундун   135 гана толгон.

Кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча гранттык орундардын 47,8% айылдык бүтүрүүчүлөр алышса, тоолуу аймактардын бүтүрүүчүлөрү 19,2%, Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнүн 18,2%, областтык борборлордун жана чакан шаарчалардын бүтүрүүчүлөрүнүн 14,8% түзөт. 2016-жылга салыштырмалуу гранттык орундарга тапшырган  айылдык бүтүрүүчүлөрдүн саны 2% өскөн.

Контракттык бөлүмдөргө 48698 абитуриент кабыл алынган. Алардын 40214 күндүзгү бөлүмгө, сырттан окуу бөлүмүнө 7927, кечкиге557 тапшырган.

Магистратурага 7732 студент тапшырса, анын 6485 күндүзгү, 887 сырттан, 360 кечки бөлүмгө кабыл алынган.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер