АБИТУРИЕНТ, ЖОЖГО ТАПШЫРУУНУН ТАРТИБИН БИЛЕСИҢБИ?

  • 02.06.2021
  • 0

Быйыл жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу онлайн режиминде жүргүзүлөт. Кабыл алуу өнөктүгү мурункудай эле үч тур менен өтөт. Биринчи тур 12-июлда башталат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. ЖРТдан негизги жана предметтик тесттер боюнча алган баллдары көрсөтүлгөн сертификат берилет.

ЖРТнын сертификаттары абитуриент аяктаган мектептин категориясына жараша ар кандай түстөргө ээ болот: кызыл түс – Бишкек шаарындагы мектептер, көк түс – кичи шаарлардагы жана облустук борборлордогу мектептер, сары түс – айылдагы мектептер, кызгылт көк түс – бийик тоолуу аймактарда  жайгашкан мектептер. Сертификат бир жылга гана жарактуу болуп эсептелет. Кандайдыр бир себептер менен быйыл окууга тапшыра албай калгандар эмдиги жылы кайрадан ЖРТ тапшырышы керек болот. Жалпы республикалык тесттин мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин тапшыргандар үчүн гана үч жылга жарактуу болот.

КОНКУРСТУН ЖҮРҮШҮ

Конкурска катышуу үчүн абитуриент www.2020.edu.gov.kg сайтындагы «Абитуриент online» автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары АМС) арыз бериши керек. Сынакка негизги тесттен босого баллдан (босого балл КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен белгиленет) жогорку алган абитуриенттер гана катыша алат. Тиешелүү предметтик тесттин жыйынтыктарына ээ болгон абитуриенттер негизги жана кошумча предметтик тесттердин баллынын суммасы боюнча конкурска катышат жана кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ болушат. Медициналык адистиктер үчүн негизги тест (босого балл жана андан жогорку балл) жана химия, биология боюнча предметтик тесттер (ар бир предмет боюнча босого балл жана андан жогорку балл) милдеттүү болуп саналат.

Гранттык орундар боюнча конкурс абитуриенттердин социалдык категорияларын эске алуу менен өзүнчө өткөрүлөт.

Кыргыз улуттук консерваториясынын, Улуттук көркөм-сүрөт академиясынын, Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын адистиктерине кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы милдеттүү эмес, конкурс ЖОЖдордун өздөрүнүн ички  кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт. ИИМ академиясынын, КР Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун, Борбордук  Азиядагы Америка университетинин, Борбордук Азиядагы университетинин адистиктери жана  кошумча сынактарды талап кылган адистиктер жана багыттар боюнча конкурска ЖРТны да, аталган ЖОЖдордун кошумча сынактарын ийгиликтүү тапшыргандар гана окуй алышат.

МАКСАТТУУ КАБЫЛ АЛУУ

Максаттуу кабыл алуу үчүн бөлүнгөн орундарга ЖРТдан босого баллдан жогору алган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жолдомосу менен келген абитуриенттер ат салышат. Жолдомо берген органдар максаттуу кабыл алуунун негизинде окуган бүтүрүүчүнү ишке орноштурууга милдеттеме алат.

ТУРЛАР БОЮНЧА

Кабыл алуу өнөктүгүнүн эрежелери бардык турда бирдей. Биринчи турга кабыл алуу 12-июлда башталып, 17-июлда аяктайт. Абитуриенттер 14-июль саат 14.00го чейин талонун ташташы керек. 15-июлда саат 10:00гө чейин АМСке кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси чыгарылат. Конкурстан өткөн абитуриент үч күндүк мөөнөттө, тактап айтканда 17-июль саат 17:00гө чейин аталган адистик боюнча окуй тургандыгын тастыкташы керек. Эгерде тастыкталбай калган болсо анын орду бош деп эсептелет.

Тастыктоо үчүн абитуриент АМСке электрондук түрдө төмөндөгү документтерди тиркеши керек:

  • паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • орто жалпы билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими жөнүндө диплом;
  • ЖРТнын сертификатынын алдыңкы бети;
  • окуу үчүн төлөм жөнүндө дүмүрчөк (келишимдик негизде кабыл алынган учурда).

Аталган документтердин түп нускасын окуу жылынын башында жогорку окуу жайына алып барып тапшырат.

Эгерде абитуриент гранттык орунга да, келишимдик негиздеги окууга да сунушталган болсо, ал бирөөнү гана тандап, тастыкташы керек болот.

Бош орундар болгон учурда 2-тур өткөрүлөт. Ал 19–июлдан 24-июлга чейин болот. Кабыл алуу тартиби биринчи турдукундай эле. Эгерде 2-турдан кийин дагы  бош орундар калып калса, Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-тур (26–31-июль күндөрү) өткөрүлөт.

Окууга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси ЖРТдан алган баллдарды тастыктоо үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна (ББОУБ) берилет. Күндүзгү келишимдик негизде окууга кабыл алуу турларын өткөрүүнүн мөөнөттөрү гранттык негизде окууга кабыл алуунун мөөнөттөрү менен бирдей. Окутуунун башка түрлөрүнө кабыл алуунун мөөнөттөрү ЖОЖ тарабынан белгиленет. Окутуунун келишимдик формасына кабыл алууда абитуриенттердин категориялары эске алынбайт.

АМСКЕ КАТТАЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ

Окууга тапшыруу үчүн абитуриент АМСтеги жеке кабинетине кирип, өзү каалаган адистикти жана жогорку окуу жайды тандашы керек.

Сынактын ар бир турунда гранттык же келишимдик негизде окууга өтүү үчүн бирден гана билдирме берилет.

Жеңилдиктерге ээ болгон абитуриенттер катталуу учурунда тиешелүү тастыктоочу документтерди (жеңилдик берилүүчү категориялардын жана керектүү документтердин тизмеси АМСке жайгаштырылган) электрондук түрдө тиркеши керек. Абитуриент АМСтен конкурстун жүрүшүнө онлайн режимде байкоо жүргүзүп, абитуриенттердин рейтинг тизмесинен өз ордун көрө алат. Муну менен ар бир абитуриент топтогон баллына жараша кайсы окуу жайга, кайсы адистикке өтүп кетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин да байкап турса болот.

НААРАЗЫЧЫЛЫК БОЛСО КАЙДА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?

Кабыл алуу өнөктүгү бузулган учурда абитуриент АМСтеги жеке кабинети аркылуу арыз бере алат. Ар бир арыз өз убагында каралат.

 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер