АБИТУРИЕНТ ЧАМДА, КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТга КАТТОО  БАШТАЛДЫ

  • 20.10.2022
  • 0

Ушул жылдан тарта ЖОЖдорго кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу үчүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды.  

АБИТУРИЕНТ ЧАМДА, КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТга КАТТОО  БАШТАЛДЫ

Ысык-Көл облусунун тургуну Кеңешбеков Уландын уулу жайкы кабыл алууда ЖРТдан тийиштүү балл топтой албай, өзү каалаган жогорку окуу жайына өтпөй калган. Июль айынан бери аргасыздан курулушчу болуп Бишкекте иштеп жаткан. Быйыл кышкы кабыл алуу болорун уккандан бери бош убактысын текке кетирбей ЖРТга даярданып баштады.

—        Уулум мектептен жакшы эле окуп жаткандай болгон. Бирок тилекке каршы, ЖРТдан тийиштүү балл топтой албай калды. Башында баарыбыз бир топко кыжаалат болуп жүрдүк. Өзгөчө балам жаман болду. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшырам, архитектор болом дечү. Абалын көрүп, колледжде окуй бер десек, такыр көнбөй койду. Айылда жүргөндөн уялып, Бишкекте туугандарга кошулуп алып курулушта иштеп жаткан. Кышкы кабыл алуу болорун деле укпаптырбыз. Кечээ жакында эле ЖРТга каттоо башталганын билип, уулумду иштен чыгарып, бардык күчтү даярданууга жумшап баштады. Албетте, убакыт аз. Бирок дагы бир жолу күчүңдү сынап көр деп жатабыз, — дейт Улан.

АБИТУРИЕНТ ЧАМДА, КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ҮЧҮН ЖРТга КАТТОО  БАШТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлигинин минтип жаштарга жогорку кесиптик билим алууга жол ачып берип жатканы Уландын баласына окшоп максатына жетпей калган миңдеген жаштар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Эми болгону алар 27-октябрга чейин ЖРТга катталып, 24-30-ноябрда тестти ийгиликтүү тапшырып алышы керек.

—        Каттоо райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө, жашаган жери боюнча онлайн режимде жүргүзүлөт. Эгерде өздөрү каттала албай жатышса райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнө барышы керек. Ал жакта атайын дайындалган жооптуу адистер бар. Абитуриенттин колунда паспорту, аттестаты, ЖРТга каттоо акысын төлөгөндүгүн тастыктаган дүмүрчөк, талапка жооп берген электрондук сүрөтү болушу керек.  Каттоо акысы мурунку жылдагыдай эле негизги тестке 370, ар бир предметтик тест үчүн 370 сомду түзөт. Абитуриенттер салондордон түшкөн сүрөтүн жүктөсө деле болот, же болбосо телефонуна эле түшүп жүктөй алат. Болгону сүрөткө түшүп жатканда талаптары бар, ошолорду туура аткарышы керек, — дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында.

Катталып жатканда платформага киргенге мүмкүндүк бере турган логин, сыр сөз (пароль) берилет. Логин катары абитуриенттин телефон номери пайдаланылат. Андыктан катталып жатканда дайыма иштей турган номерин берип, окуу жайга өтүп алганча башка номерге алмаштырбашы керек. Себеби ББжОУБ тестке катталган ар бир абитуриенттин маалыматын Билим берүү жана илим министрлигине өткөрөт. Окуу жайга онлайн тапшырууда ошол логин, сыр сөз менен катталат.

  • Кабыл алуу канча тур менен өтө турганы тестке катышкан балдардын санына жараша белгиленет. Кайсы окуу жайында канча орун калганын Билим берүү жана илим министрлигининин сайтынан Кышкы кабыл алуу карап билип алса болот. Алдын ала өтүнмөлөр боюнча 49 жогорку окуу жай кышкы кабыл алууну өткөрөт. Алардын  17 мамлекеттик  32 мамлекеттик эмес жогорку окуу жайлар. Азыр жогорку окуу жайларында жайкы кабыл алууда толбой калган элүү миңден ашуун орун бар.  Жайында Жалпы республикалык тесттен бүтүрүүчүлөрдүн 50% гана босого баллдан жогору алган. Демек, өткөн окуу жылында өзүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалана албай калган бүтүрүүчүлөрдүн 50 пайызы бул кышкы кабыл алуу өнөктүгүндө өз күчүн дагы бир жолу сынап көрсө болот, — дейт Билим берүү жана илими министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы.

ЖРТга учурда эч жерде окубаган мурунку жылдын жана 2022-жылдын бүтүрүүчүлөрү гана катыша алат. 

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер