АБИТУРИЕНТ-2023: II ТУРДА 11 МИҢ 598 АРЫЗ ТҮШТҮ

  • 26.07.2023
  • 0
Бүгүн, 26-июлда жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун 2-туруна арыздарды кабыл алуу аяктап, 11 миң 598 арыз катталды. Анын ичинен 3 миң 886сы бюджеттик негизде окууга, 7 миң 598и контракттык негизде окууга.
ЖОЖдорго кабыл алуунун I турунда 26 миң 546 арыз катталып, анын ичинен 12 миң 902 абитурент кабыл алынды.
Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча ЖОЖдорго эң көп кабыл алынгандар:
— Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 2 миң 115
— Ош мамлекеттик университети – 1 миң 864
— И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 1 миң 563
— Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 938
— И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 891
— К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 811
— И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 635
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” https://2020.edu.gov.kg/vuz

автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер