Абитуриент – 2022: ЖОЖДОРГО КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 17.10.2022
  • 0

Быйыл жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу жүргүзүлөт. Ал үчүн Билим берүү жана илим министрлиги  Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.  

Кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алууда толбой калган контракттык орундар үчүн гана жүргүзүлөт. Аны ушул жылдын декабрь айында өткөрүү пландалууда. Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо жашаган жери боюнча райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө онлайн режимде 17-октябрдан 27-октябрга чейин жүргүзүлөт. Ага мамлекеттик үлгүдөгү документтер менен ырасталган жалпы орто же кесиптик орто билими бар жана учурдагы 2022-2023-окуу жылында жогорку окуу жайларда окубагандар гана катыша алат.

—        Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү мөөнөтү катталган балдардын санына жараша белгиленет. Азырынча 24-ноябрынан 30-ноябрга чейин өткөрүлсүн деп белгиленди. Себеби Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору балдардын санына жараша тесттердин варианттарын түзүп чыгат. Бул иштер ноябрь айында аткарылса, декабрь айынын аягы менен кабыл алуу  жүргүзүлөт. Азыр жалпы элүүдөй окуу жай кышкы кабыл алуу өнөктүгүнө катыша тургандыгын билдирди. Бул цифра дагы өзгөрүшү мүмкүн, — дейт министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы.

Тестке жайкы кабыл алууда ЖРТдан тийиштүү балл ала албай калгандар, тийиштүү балл алып, бирок  өзү каалаган окуу жайга өтө албай калгандар же болбосо кандайдыр бир себептер менен тест тапшыра албай калгандар катышат. Босого баллдан жогору алып, бирок ага канааттанбай калган, бирок учурда жогорку окуу жайында окубагандар да кайрадан тапшырса болот. Алар кайсы тесттен жогорку балл топтогон болсо ошонун жыйынтыгы менен тапшыра алат.

Ч.Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер