АБИТУРИЕНТ – 2022: ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУ КАНДАЙ ЖҮРҮҮДӨ
- 09.08.2022
- 0
Жогорку окуу жайларда бош калган орундар үчүн кабыл алуунун 4-туру өтүп жатат. Кабыл алуунун 3-турунан кийин 608 гранттык, 66321 контракттык орун бош калган. 4-турга документтерди кабыл алуу 10-августта саат 14:00до токтотулат. Эгерде бул турдан да орундар калып калса 15-августтан 20-августка чейин 5-тур өткөрүлөт.
КАЙСЫ АДИСТИК АЛДЫДА
3-турдун жыйынтыгы менен бюджеттик орундардын планы 87,3 пайызга аткарылса, 66 321 контракттык орун толбой калган. Быйыл абитуриенттер тарабынан эң көп тандалган IT адистиктери болууда. Мисалы, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде программалык камсыздоо инженериясы адистиги дароо эле толгон. Бул адистиктин бюджеттик бир оруну үчүн 14 абитуриент ат салышты.
- Биздин окуу жайда бюджеттик орундардын планы 90 пайызга аткарылды. Анын ичинен эң көп абитуриент тапшырган адистиктер программалык камсыздоо инженериясы, маалыматтык системалар технологиясы, архитектура, айлана-чөйрөнүн дизайны, маалымат коопсуздугу деген адистиктер болду. Курулуш багытындагы адистиктер да абитуриенттердин көңүл борборунда. Архитектура адистигине да бир орунга 6-7 бала ат салышты. Бул адистиктер боюнча контракттык группалар да толду. Айрымдарында гана беш-алтыдан орун калды, — дейт кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы.
Быйыл педагогикалык адистиктерди тандагандар дагы арбын. Өзгөчө башталгыч класстын мугалими болууну каалагандар көп. И.Арабаев атындагы КМУнун бул адистигинин бир бюджеттик орунуна 11 талапкер ат салышты.
- Быйыл англис тили мугалими болууну каалагандар да көп болду. Бир орунга 11-12 бала талапкер болду. Орус тили жана адабияты, физика-математика, биология адистигине да каалоочулар көп болду. Бир орунга төрттөн-бештен киши ат салышты. Жалпылап айтканда, үч турдун жыйынтыгы менен биздин университетте бюджеттик орундарга кабыл алуу 88% аткарылды. Бүгүнкү күнгө карата быйылкыга пландалган 3430 контракттык орундун миңдейи бош. Алдыда дагы 4-5-тур бар. Буюрса, кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин план аткарылат деген ишенимдебиз, — дейт кабыл алуу комиссиянын жооптуу катчысы Бакыт Азизбек уулу.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде дагы англис тили, кыргыз тили жана адабияты, башталгыч класстын мугалимдигин тандагандар алдыңкы орунду берген жок.
ОРТО КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНДА
Жогорку окуу жайга тапшырганга босого баллы жетпей калган абитуриенттер өз күчтөрүн кесиптик окуу жайлардан сыноо менен алек. Алар менен тең тайлашкан 9-класстын бүтүрүүчүлөрү дагы бар. Бүгүнкү күндө жашап, иштеп кете турган эң заманбап кесиптер талашка түшүүдө. Өзгөчө IT адистиктерине талап көп. Абитуриенттердин көбү педагогикалык орто кесиптик окуу жайларга агылууда. Мисалы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогикалык колледжиндеги педагогикалык адистиктер – мектепке чейинки билим берүү, башталгыч класстарга сабак берүү, чет тили, адистик окутуу биринчи турдун жыйынтыгы менен эле план 90-95 пайызга аткарылды. Бир орунга биринчи турда төрт-бештен бала тапшыра, экинчи турга калган 14 орунга 11-класстын базасында 53 бала катталды.
АБИТУРИЕНТТЕР ҮЧҮН ЭКИНЧИ МҮМКҮНЧҮЛҮК
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай, же андан тийиштүү балл топтой албай, же өзү каалаган адистикке тапшыра албай калган абитуриенттер үчүн да сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Башкача айтканда, эми мындан ары абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жылына эки жолу жүргүзүлөт. Кышкы кабыл алуу жайындагы сынактардан кийин бош калган орундарга жүргүзүлөт. Мындан улам, жалпы республикалык тестирлөө да жылына эки жолу өткөрүлөт. Тагыраагы ЖРТга катыша албаган же окуу жайга тапшыра албай калган абитуриенттер жарым жылдан кийин кайрадан тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат.
Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер