АБИТУРИЕНТ – 2021: БОСОГО БАЛЛ БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРГА — 110 , КОНТРАКТТЫК ОРУНДАРГА — 105
- 25.06.2021
- 0
Быйыл жогорку окуу жайлардын бюджеттик орундарына Жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги тесттен 110 баллдан, предметтик тесттен 60 баллдан жогору алгандар, контракттык орундарга негизги тесттен 105 баллдан жогору алгандар тапшыра алышат.
Жылдагыдай эле быйыл дагы жогорку окуу жайларга кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен он лайн жүргүзүлөт. Быйыл жалпы 44416 бүтүрүүчү тест тапшырып, анын 25 284 жүз он баллдан жогору, 28143 жүз беш баллдан жогору алды.
Быйыл Баткен облусундагы абалды эске алуу менен Баткен мамлекеттик университетине тапшыра тургандарга босого баллы төмөндөтүлдү. Бюджеттик орундардын босого баллы 100, келишимдик негиздеги окуу үчүн 95 балл деп белгиленди.
Республика боюнча Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы
Аймак | Тапшыргандардын саны | Тесттин орточо упайы | 110 баллдан жогору | 105 баллдан жогору |
Баткен облусу | 3269 | 117,6 | 1720 | 1939 |
Бишкек шаары | 10304 | 134,7 | 7555 | 8061 |
Ош шаары | 2103 | 127,8 | 1402 | 1509 |
Жалал-Абад облусу | 5954 | 114,4 | 2973 | 3378 |
Ысык-Көл облусу | 4724 | 116,2 | 2437 | 2764 |
Нарын облусу | 3363 | 116,6 | 1768 | 1994 |
Ош облусу | 6284 | 112,3 | 2904 | 3359 |
Талас облусу | 1893 | 121,2 | 1139 | 1254 |
Чүй облусу | 6522 | 115,9 | 3386 | 3885 |
Баардыгы республика боюнча: | 44416 | 120,5 | 25284 | 28143 |
Бул жакка тестти кечигип тапшыргандардын жыйынтыгы киргизилген жок. Ал боюнча жыйынтык 1-июлда белгилүү болот. Кечигип катталгандардын саны 500 адамдан ашат.
Комментарийлер