АБДИЛАМИТ МАТИСАКОВ: “КЫРГЫЗ ТУУСУ “- “МАНАС” ОРДЕНИНЕ ТАТЫКТУУ
- 07.11.2024
- 0
Кезинде кыргыздын алиппеси да, университети да болуп, маданият жана адабият ааламдарын ачып, улуттук рух, улуттук ойгонуу шамын жандырган – “Эркин Тоо”, кийин эгемендүүлүк алганда да улуттук биримдик, эртеңки келечек үчүн идеология майданында флагмандык милдетин татыктуу аткарып келаткан “Кыргыз Туусу” 7-ноябрда 100 жашка толду. Улуттук тарых музейинде кылым карыткан гезиттин мааракелик салтанатына күбө болдук.
“Кыргыз Туусунун” 1993-1994, 1996-2005-жылдардагы башкы редактору, Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков агай менен мааракеде жолугуп маектештик.
-Туңгуч гезиттин биринчи санына басылган баш макаласында, анын чыгышына чыныгы күйөрман болгон чоң илимпоз-агартуучу Ишеналы Арабаев теңдигин жаңы алган жалпы эли жана кийинки урпактарга кайрылып: “…Кыргыз – кыргыз болгондон бери өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат… Бул гезитти эркиндик менен тоону кошуп – “Эркин Тоо” деп койдук… Эми муну бек карма, кыргыз, бек карма!..” – деп осуят калтырган экен.
Ташкент шаарында күз күнүндө жаңы материк ачкандай кубанычы коюнуна батпай алгачкы гезит санын чыгарган төрт кыргыз азаматы: Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустапа Акматовго таазим…
-Түңгуч гезиттин 80 жылдык мааракеси сиз башкы редактору болуп турганда белгиленген эле. Ошондо кандай иш-чараларды өткөрө алдыңыздар эле?
-Бул гезиттин өткөн тарыхын, чоң даңктуу жол эпопеясын чечмелеп, келечек максаттарды айкын көрсөтүп, 2004-жылы, гезиттин 80 жылдыгында “Кыргыз Туусу” – XXI кылым гезити” аттуу көлөмдүү публицистикалык жыйнак чыгарган элек, окугандар билет. Ал да сөз-рух уюткан баа-наркы мезгил менен өсүп, энциклопедиялык салмагы мезгил сынында таразаланчу калем чеберчилигибизден жаралган эмгегибиз болгон. Тагдыр жазган экен, мен 75, 80 жылдык мааракелерин коштогон өлкө тагдырын аныктаар көп окуяларды жайылткан жана элдин ой-тилек, талап-мүдөөсү жүктөлгөн жоопкерчиликтүү чоң иштерге аралашып калдым. Гезиттин 75 жылдыгы 1999-жылы, а 80 жылдыгы 2004-жылы белгиленди. Көрүнүп тургандай, ушул эки маараке датасы 20-кылым жаңы 21-кылымга эстафета өткөргөн, эң жышааналуусу, адамзат миң жылда бир тосчу өзгөчө окуя – миллениум аталган миң жылдыктар алмашып, 2000-жылдык календарга конгон унутулгус учурга туш келди.
Ошондо биздин алдыбызда, гезит окумдуулугун – популярдуулугун арттыруу менен анын ТУУ деген атын ыйык сактап, кымбатчылыктуу рынок сыноосуна карабай жол таап, кең аудитория күтүп, мындайча айтканда, бир кол менен кантип жашайбыз деген көйгөй-маселени орду менен чечип, экинчи – калем кармаган кол менен элге убагында жетик маалымат жеткирүүнүн өтө татаал, бирок, шыкка шык кошуп, күн-түн талыкпай иштөөгө дем берген милдет-жоопкерчилиги турган. Биз аны кантип өтөп, кантип иш үзүрүн сыймык менен айтуучу заман фактысына айланттык, ага – баскан жол, ашкан ашуусун унутпас калың калайык, тарых жана азыр гезиттин архивде турган тиркемелери күбө. Муну 2004-жылы редакциябызда аңгеме курган Чыңгыз Айтматов да баса белгилеп: “Силерди кубаттайм, сөз өнөрү, улуттук тилди өстүргөн ушул изденүүңөрдөн жазбагыла” деген устаттык ак тилегин билдирген.
-Сиз бир нече талантуу журналисттер менен үзөңгүлөш иштедиңиз. Көбү журналист гана болбостон коомдук ишмерлер,белгилүү акын-жазуучулар, тарыхчылар катары таанылды го… Кимдер эсиңизде?
-Эркин чыгармачылык менен идея саамалыктардын полигонундай болгон басылмада журналисттердин не бир таланттуу фанатик тобу иштеп, андай ынтымак, андай ийиндешкен изденүү өзүнчө эле өнөр мектебин түзгөнүн азыр канааттануу менен эстейм. Ошол жылдарда гезитти – гезит кылган ошондой калемгерлер: Төлөн Насирдинов, Бекбай Алыкулов, Эсенбай Калдаров, Самсак Станалиев, Бактыгүл Чотурова, Бермет Маткеримова, Абдимухтар Абилов, Мундузбек Тентимишев, Догдурбек Юсупов, Абдиламит Жумашев, Айдарбек Сарманбетов, Шекербек Калыков, Абибилла Пазылов, Жыпар Исабаева, Барчынбек Бугубаев, Дайырбек Мейманов жана башкалар болду. Ар биринин шык-талантын мүнөздөп жылуу сөз айтуу сыймыгын жараткан мындай чыгаандар публицист десең – публицист, тарыхчы десең – тарыхчы, акын десең – акын, жазуучу десең – жазуучу эле… Мактаныч эмес, ушул жылдыз тобундай жамаат – үч муун өкүлдөрү бириккен калем устаканасынан анын “мектеп” атын андан ары таанытып жана ак жолдуу өрнөгүн сабак кылып, эки Эл жазуучусу, бир Эл акыны, он беш республика маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын үч лауреаты, үч “Даңк” медалынын ээси, ар кандай багыттагы онго жакын гезит-журналдын башкы редакторлору өсүп чыкты. Ооба, кылымдар тогошкон мезгилде изденип иш жасап, чоң үй-бүлө түзгөн бир эле жамаат мүчөлөрүнөн!
“Кыргыз Туусунун” жалпы нускасы 21 миңге жеткен. Ошол эгемендүүлүк жылдары анын алгачкы 10 жылдыгында эл, өлкө башынан кечирген доор маңыздуу окуялар тарыхка эстелик – журналисттик летопись болсун деп 2002-жылы гезит атынан “Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!..” аттуу публицистикалык жыйнак да чыгарганбыз.
-Сиз жетектеп турганда саясый гезит адабий гезитке айланып кетти деген дооматтар да, жакшы пикирлер да айтылган эле. Бул өзүңүз да жазуучу болгондуктан “өз көмөчүңүзгө күл тарткандык” болгон эмеспи же…
-Ошол учурда “Алыкул, Чыңгызды сандан санга басып эмне, бул “чымындуулардын” адабий гезитиби?” Көп адамдар ушинтип ойлоп, бизге да ушинтип суроо беришчү. Анын терең маанисин кезинде өзүбүз да элес алган гэмес экенбиз. Кийин байкасак, ырасында эле кандай жанр, кандай багыт болбосун гезит бетинде эң көп жазылган №1 тема бул “Алыкул темасы” болуптур. Эски гезит сандарын барактасам, 2000-жылы беш ай бою (!) сандан санга басылган Мундузбек Тентимишевдин “Аны Алыкул деп аташкан” деген публицистикалык очерки, Жыпар Исабаеванын ошондой эле көп гезит санын ээлеген “Алыкулду сүйгөн кыз” аттуу даректүү повести, ар кыл жылдарда алардын катарын улаган: “Алыкул менен Түгөлбай”, “Алыкул, Кусейин жана чынчылдык тууралуу сөз”, “Алыкулдун айылына сапар”, “Мезгил жана Алыкулду барактаганда…”, “Алыкулдун күйөрманы”, “Алыкулга сырдаш кемечи Деркембай”, “Алыкул Ысык-Көлдү жөө кыдырып чыккысы келген”, “Сүрөттөрдөгү Алыкулиана”, “Алыкул Ысык-Көлгө кайтып келет!” деген аталыштардагы ж.б. эң бир окумдуу, окурман көз дарысындай кымбат калем берметтери биринен сала бири жолугат.
Ал эми “чыңгызчыл” болгонубуз мындай. Башынан эле кыргыз атын, анын улуттук рух жана элдик касиетин дүйнөгө тааныткан залкар агабыз Айтматовго Алыкулдай мамиле жасап, ага окурман, калемдеш жана замандаш болгонубузга сыймыктанып, эл менен түз сүйлөшүүнүн мүмкүнчүлүгү турган соң, эгемендүүлүк заманда жигердүү коомдук ишмердүүлүгүн улуттук өзүн-өзү таануу, улуттук ойгонуу жана улуттук биримдик идеясын ачып-жайылтуунун сонун мисалы катары ар бир гезит санынан Чыкенин эли-журтуна атуулдук-мекенчилдиги, жан-дүйнө тазарткан асыл ойлору “үн салып” тургандай милдетти алдыбызга койгонбуз. Ошол бир күнү экинчисине окшобогон мезгилде, өзүбүз “саясатка басылган” өкмөттүк гезит болуп туруп, Чыкенин атактуу “Жамийласын” сандан санга жарыяладык. Окурмандар тимеле көктөн тилегени табылгандай дуу түшүп, бул демилгебизди кош колдоп кубаттады. Кезинде союздук расмий “Известия” гезитине таланттуу көркөм чыгармаларды аянбай баскан анын башкы редактору Алексей Аджубейдей азаматтык кылдыңар, кыргызча китептер чыкпай, адабий гезит-журналдар да токтоп калган шартта мындай салтты дагы уланткыла деп сүрөгөндөр четтен чыкты. “Жамийласынын” жалпы эл окуган гезитке басылганына залкар жазуучубуз да кубанып, изденгич жамаатка автордук ыраазычылыгын жарыя айтканы эсимде.
Ооба, биздин гезиттин антип “адабий гезитке” айланганынын да бир себеби, редакцияда Б. Чотурова, М. Тентимишов, Ж. Исабаева, А. Абилов, Д. Юсупов, Б. Таштаналиев, Ш. Калыков, А. Сарманбетов, Б. Бугубаев, Ж.Акунова сыяктуу “туучул” жазуучу-акындарыбыз иштеп, сырттан таланттуу ырлары менен К.Култегин, Ж.Саалаев, Ө.Тиллебаев, Б.Сарыгулова, А. Акималиев активдүү катышып, аңгеме-повесть жазгандар да көп эле. Мына ушундай поэзия, кара сөз чоролору изденүүдө бир өзүнчө “климат” түзүп, гезит бетин кызыктуу адабий дил-маек, көркөм бейне чыгармаларына толтуруп жиберишчү. Дагы мисал келтирсем, жаркын таланттуу кино жылдызы Болот Бейшеналиев менен чыгаан театр режиссёру Жалил Абдыкадыров “өздөрү үчүн ыр жазган” акын да болушканын окурмандар биринчи биздин гезиттен тааныган. Жогорудагы: “булар Алыкул, Чыңгызды сандан санга басат, редакция эшиги тынбай, ага “чымындуулар” өз үйүнө ашыккандай келет” деген сөз ушундан калган…
-“Кыргыз Туусу” кылым карытты. Баа, баркын жоготпой маалымат айдыңында өзүн сактап кала алабы?
-Мына, жакында, ошондо тун гезиттин биринчи санына ыры басылган Аалыке (Токомбаев) ал унутулгус күндү эскерип “Туңгучтун төрөлүшү” аттуу ырын жазып, аны: “Ноябрдын жетиси эле Ташкенде, эрип кетти түндө түшкөн кыламык…” деген саптар менен баштагандай, мезгил токтолуп, кагылган адамдай сезилген коңур күз – ноябрда улуттук басма сөз жаралган күнгө туура 100 жыл толот. Бул – улуттук чоң майрам, өзгөчө кыргыз журналистикасынын майрамы. Өзүнчө калыпка түшкөн алфавит эмне, алиппе эмне дегенди билбеген заманда Октябрь таңы менен кыргыз энчисине тийген жазмыш жакшылыгынын бүгүнкү жүрөк толкуткан майрамдык шаңында: биз мындан бир кылым илгери ким элек, кандай эл элек, азыр ким болуп, дүйнө эли көз салган жүрүштө кандай өркөн өстүргөн ийгиликтерге жетиштик деген суроону кайталап өзүбүзгө берип, даанышман Абай айтмакчы, ыйман-абийирге түз карап, жасалган иш, өтөлгөн арбын милдеттер жайында “өзүбүздөн өзүбүз жооп сурай” турган мезгил бүгүн.
Тарых эскирбейт, ал эч нерсени унут калтырбайт, кайра баскан жол, сыноолор сабагынан коңгуроо кагып, дил, жигер жаңылап, энедей, атадай дем берип, алдыга шыктандыра берет. Кылым карытса дагы кыргыз журналистикасында өз орду бар. Журналистиканын кадрларын дагы даярдаган академия сыяктуу өз ордун, баркын сактап калат деп ишенем.
Улуттук төл гезит майрамын биз ушундай тарыхка көз салып, өзүнө-өзү эсеп берүүнүн, ошол аркылуу СӨЗ ТУУСУН көтөрүп алдыга жүрүүнүн убадасы катары карашыбыз керек. 100 жылдык маараке мамлекеттик деңгээлде майрамдалышы керек эле. Совет доорунда Кыргызстандагы гезиттердин төл башы болгон «Советтик Кыргызстан» учурдагы «Кыргыз Туусу» Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган..Эгемен өлкөбүздүн басма сөзүнүн башаты болгон «Кыргыз Туусуна» учурдагы өлкө жетекчилери «Манас» орденин ыйгарып койсо кыргыз журналистикасына берилген эң жогорку баа, урмат-сый болот эле.
— Абдиламит агай, жакшы маегиңиз үчүн рахмат! Устат, окутуучу катары дагы жаш журналисттерди тарбиялап тарбиялап, эсен болуңуз!
Кабыл Макешов,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кут Билим”
Комментарийлер