ААЛЫМ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

  • 19.01.2021
  • 0

Мугалим болгондуктан, кечке түйшөлүп, ишмердүүлүгүмдө бүдөмүк жараткан сөздүн колдонулушун, жазылышын карап коюу керек болгон учур менде көп болот. Ошондо Кусеин Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн»  колума алам да, ушул китеп мага дайым керек да деп, кээде ордунан таппай калсам, тапканча шашам.

Адамзат тарыхында ар бир доордун кандай деңгээлде өнүккөнү, ошол кездеги коомдук аң-сезимдин деңгээли канчалык болгону, доордун окумуштуу-аалымдарынын жазган эмгектеринен көрүнөт.

Башкасын айтпаганда да, өткөн кылымдагы тил илиминин өнүгүшүн, жалпы эле түркологиянын бийиктигин Болот Юнусалиев, Игорь Батманов, Константин Юдахин, Жапар Шүкүров, Кусеин Карасаев, Калкабай Сартбаев, Бүбүйна Орузбаева ж.б. сындуу аалымдардын жараткан эмгектери аркылуу баалайбыз.

 “Аалым” демекчи, бул сөздүн маанисине алдыда биз сөз кыла турган илимпоздун эмгегинин негизинде түшүндүрмө берейли.
К. Карасаевде «аалым»аалим» эмес,) эскирген сөз деп берилет. (К. К. Карасаев «Орфографиялык сөздүк», 23-бет. Ф.,1983).

ААЛЫМ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

Бир жолу мен доскага “К. Карасаев -сөз чебери, улуу тилчи, аалым” — деген теманы жазганымда, бир окуучум акырын келип,  «Эжеке, аалым деген эмне?» -деп сурады. Ошондо мен кээ бир сөздөр эскирген сөздөр катары колдонуудан чыгып, коомчулуктун кээ бир катмарына түшүнүксүз болуп каларын айттым.
Чындыгында эле ошол сөздү колдонуунун коомдук керектөөсү бар болсо да, бирок ал чөйрөдө башка тилден кирген сөздү колдонобуз, ал эмес жазылышын дагы унутабыз (аалым-аалим).

Мына ошол таризде «аалым» сөзүнө түшүндүрмө берип көрөлү.
«Аалым» сөзү этимологиясы боюнча араб тилинен кирип, (alim)-окумуштуу, билимдүү дегенди билдирип,  маанилик жактан профессор, окумуштуу, илимпоз, илимдүү ( К. Юдахин, «Кыргызча — орусча сөздүк») ошондой эле окурман, окумал деген сөздөргө жакын.

Динде да “ аалым” түшүнүгү бар, бирок ал дин аалымы дегенди туюнтат.
Дин аалымы —  Курани каримди жана анын маанилерин билген, илим, амал жана ихлас ээси болгон адам.

Азыркы жаштар «аалым» сөзүн көбүнчө диний чөйрөдөн угуп жүрүшкөндүктөн, билим алууда бул түшүнүктүн колдонулушунда, бүдөмүк ойлорго кабылышы мүмкүн. Айтайын дегеним, «аалым» сөзүн агартуу тармагында колдонууда, биз илимпоз-окумуштуу, профессорлорду түшүнөбүз.

Кыргыздын алгачкы маданий интеллигенциясынын катмарын түзгөн өткөн кылымдын окумуштуулары отко салса, от кечип, ташка салса, таш кечип, мизи майтарылбай эмгектенген, жүрөгүндө оту бар, курч катмар болгон. Алар илим жаатында «ийне менен кудук казгандай» изилдеп, эмгек өтөшкөн. Өз мезгилинде жалындуу иштеп, кыргыз урпагы үчүн улуу эмгектерди жазып калтырышкан. Алар өз доорунун устаттары, кыргыз агартуусунун көсөмдөрү, чоң окумуштуулар, аалымдар болушкан.

Ошол улуу аалымдардын бири — К. Карасаев (Хусеин, Кусеин Карасай уулу, 1901-жыл, 5-январь. Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Түп району, Токтоян айылы) — тилчи, лесикограф, агартуучу, адабият таануу боюнча окумуштуу, фольклор таануу боюнча изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1944), профессор (1966), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты.

К. Карасаевдин эмгеги —  кыргыз тарыхынын маданий деңгээлинин өткөн кылымдагы үлгүсү.  Илимий эмгектин  баары эле доордун аң-сезиминин, маданиятынын деңгээлин көрсөтүп, өстүрө турган деңгээлде тарыхта жашай албайт. Ал эми Х. Карасаевдин кыргыз эли үчүн, кыргыз тили үчүн жасаган эмгеги — тарыхый зор мааниси бар эмгек.

“Карасай сөздүктү” Чыңгыз Айтматов эне тилибиздин тарыхы катары карайт. Академик Т. Сыдыкбеков “… эне тилди мыкты билген жазуучу атанып туруп, бир кыйла сөздөрдүн туюнтмасын жеткире билбегендигиме, кай бирин үстүртөн, калпыс түшүнүп жүргөнүмө өкүндүм” — деген болсо, профессор А. Алдашев “…эне тилибиздин көөнөргөн (архаикалык) сөздөрдү түшүнүүнүн ачкычы”- деп белгилейт.

К. Карасаев кыргыз билим берүү тармагынын өнүгүшүнүн бардык баскычтарында активдүү катышкан окумуштуу болуу менен, тарыхый инсан катары, тарыхта жашап калды.

Филолог-түркологдор окумуштуунун тил илимине кошкон салымын белгилешсе, мен анын тарыхый ордун тарыхый инсан катары, ал эми эмгегин өткөн доордун интеллектинин жогорку баскычтагы зор мааниси бар үлгүсү  катары көрсөткүм келди.

ААЛЫМ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

К. Карасаев кыргыз тилин илимий жактан бийик деңгээлге көтөрүп, ар кыл өңүттөн изилдеген, эң башкысы кыргыз тилиндеги  сөздөрдү туура колдонуу жана сабаттуу жазуу боюнча эмгектенип, кыргыз лингвистикасын жалпы түркологиялык деңгээлге көтөрүүгө зор салым кошкон.

К. Карасаевдин эмгектери кыргыз тилинин илимийлүүгүнө, мамлекеттик тил катары өнүгүшүнө салым кошту. Кийинки кездерде өлкөбүздө мамлекеттик тил маселеси актуалдуу болуп жатат, менимче, мамлекеттик тилдин мааниси аны билүү гана эмес, сабаттуу колдонуу  жана сабаттуу жаза билүүдө турат. Тил билген башка, бирок тилди сабаттуу билген башка маселе! Бүгүнкү күндүн кайдыгер карабай турган маселеси — бул сабаттуу жазуу.

К. Карасаевге “…чарпылбаңыз, жаза бериңиз, кийин эл өзү Сиздин чыгармаларыңызды окушат”- деген экен Ч. Айтматов. Азыр мына ошол эл өзү окуй турган мезгил келди! Дүйнө өзгөрүп, жаңы аалам алкагынын тенденциялары өзүнө багындырып баратканда, улут катары иденттүүлүгүбүздү сактап, теңтайлаша өнүгө билүүнү аңдаган коомчулук окубай койбойт.

Сөз маанисин изилдеп, ага илимий мамиле жасаган аалым К. Карасаев бүтүндөй өмүрүн кыргыз элинин сабаттуулук маданиятын калыптандырууга арнаган. “К. Карасаев болбогондо кыргыз элинин алдыңкы катардагы маданияттуу интеллигенттеринин арасына кошулмак эмес элем” -деп алгачкы интеллегенциянын айрым өкүлдөрүнүн эскергени бар.

К. Карасаевдин жол көрсөткөн кыраакылыгына баа берип, ал кыргыз эли дээрлик сабатсыз болуп, билимсиздиктин туткунунда тунжурап уктап жатканда, анын көзүн ачуу үчүн туңгуч газета чыгарып, кыргыздын алгачкы акын, жазуучуларын бутуна  тургузуп, маданияттын жарчысы болгонун, ошол мезгилде сабаттуулуктун ачылышында гана эмес, коомдун деңгээлин көтөрө турган зирек улан-кыздарды ала жүрө көзүн ачып, интеллект деңгээлин ойготуп, коомдун маданият жана агартуу тармагында гана эмес, коомдун башка өндүрүштүк тармактарында да мыкты адистердин, илимпоздордун, чыгармачыл инсандардын калыптанышында эбегейсиз зор эмгеги бар экенин белгилебей коё албайбыз.

Окумуштуунун эмгектерин окутуп, таанытып, түшүндүрүп, бийик деңгээлин төгүп-чачпай, кемитпей, жаш муундарга жеткире алар бекенбиз? Аны менен бирге азыркы мезгилде салмагы түшүп турган интеллигенциянын коомдун өнүгүшүндө сабаттуу өндүргүч күч катары калыптанышында канчалык орду бар экенин жеткире  алар бекенбиз?
Ар бир доордун белгилүү деңгээлде сабатсыздыгы болот экен, ошону байкап, аны жоюуга салымын кошуп эмгектенген, көрөгөч, даанышман окумуштуулар чыгат. Бирок мезгил ылгабай кызмат кылып, өз функциясын аткарып келаткан илимпоз К. Карасаевдин эмгегинин орду башка. Ал түбөлүктүү жана мезгил ылгабай окурманын табат. Муунду тарбиялап, келечектин сабаттуулугун сактайт.

Жаштарга аалымдын эмгектерин жеткире билүү менен, биз кыргыз тилин Саякбайдай билип, Алыкулдай сүйүп, Кусейиндей түшүнүп, Айтматовдой баалай билели!

“Манас” эпосу сыяктуу теңдешсиз көркөм дүйнөлүк мурасты жараткан орошон сөз дүйнөсүн, ааламын изилдеп, кыргыз тил илимине, түркологияга орошон кызмат кылган Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгы маарек болсун!

ААЛЫМ ЖӨНҮНДӨ ОЙ-ТОЛГОО

Тагаева Фаризат, Кара-Көл шаарындагы  Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты, тарых мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер