А.КОЙЧИЕВ: УҢГУЖОЛДУ ЖЕТКИРҮҮДӨ НАСААТКЕРЛИК ИШТИН МААНИСИ ЧОҢ

  • 29.09.2026

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында маанилүү иш-чара жыйынтыкталды. Республикалык жана шаардык китепканалардын, музейлердин, үй-музейлердин жетекчилерин окутуу жана насааткерлик ишке даярдоо боюнча уюштурулган бир жумалык окуу курсу өз ишин ийгиликтүү аяктады. А.КОЙЧИЕВ: УҢГУЖОЛДУ ЖЕТКИРҮҮДӨ НАСААТКЕРЛИК ИШТИН МААНИСИ ЧОҢ

Курстун жыйынтыктоочу сабагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Уңгужолдун «Кыргыз жери, кыргыз эли тууралуу» бөлүмүнүн мазмуну жана мааниси боюнча кеңири лекция окуду. Өз сөзүндө Мамлекеттик катчы улуттук баалуулуктарды, тарыхый эс-тутумду жана маданий мурастарды сактоо менен аларды жаш муундарга жеткирүү системалуу жана мазмундуу насааткерлик ишти талап кыларын баса белгиледи. Ошондой эле анын негизги идеяларын коомчулукка түшүндүрүүдө маданий мекемелердин жетекчилеринин жоопкерчилигине өзгөчө токтолду. А.КОЙЧИЕВ: УҢГУЖОЛДУ ЖЕТКИРҮҮДӨ НАСААТКЕРЛИК ИШТИН МААНИСИ ЧОҢ

Мамлекеттик катчынын тапшырмасы менен уюштурулган бул окуу курстары Уңгужолдун негизги идеяларын мамлекеттик мекемелерде жана коомдук чөйрөдө кеңири жайылтууга, насааткерлик багыттагы адистердин практикалык жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган. Окуунун жүрүшүндө Уңгужолду иштеп чыгууга катышкан окумуштуулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер насаатчы катары тартылып, анын тарыхый, маданий жана идеялык негиздерин терең түшүндүрүп беришти. А.КОЙЧИЕВ: УҢГУЖОЛДУ ЖЕТКИРҮҮДӨ НАСААТКЕРЛИК ИШТИН МААНИСИ ЧОҢ

Иш-чаранын соңунда окууну ийгиликтүү аяктаган 48 кызматкерге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы тарабынан тийиштүү сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин да Мамлекеттик катчынын тапшырмасы менен мамлекеттик органдардын жана администрациялык ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери, жогорку окуу жайлардын проректорлору, билим берүү уюмдарынын жана илимий институттардын жетекчилери, ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери Уңгужол боюнча атайын окуудан өтүшкөн.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү