А.КАСЫМАЛИЕВ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН СЫЙЛЫКТАРЫН ТАПШЫРДЫ

  • 30.09.2026

2026-жылдын 30-сентябрында Бишкек шаарындагы «Ынтымак Ордо» резиденциясында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин ардак наамдарын ыйгаруу жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземине катышты. А.КАСЫМАЛИЕВ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН СЫЙЛЫКТАРЫН ТАПШЫРДЫ

Иш-чаранын алкагында түрдүү кесиптердин 174 өкүлүнө сыйлыктар тапшырылып, алардын 93ү Министрлер Кабинетинин ардак наамдарына татыды.

Сыйлык алгандардын ичинде билим берүу тармагынын кызматкерлери да арбын:

«Эмгек сиңирген мугалим» ардак наамы менен

Абдраева Гулийфа Кенешовна
– Ош облусунун У. Салиева атындагы жатак-мектебинин психологу жана химия мугалими;

Абдулдаев Кадыр Тынайбекович
– Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;

Абдыкаимова Бузайнап Абдимиталиповна
– «Арууке-пери» мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы, Ош облусунун Ноокат району;

Сейтказиева Айгуль Калпабековна
– Чүй облусунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү «Максат» борборунун социалдык-педагогикалык бөлүмүнүн башчысы;

Тобокалов Базарбай
– Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын ардагери;

Эпээва Винара Молдожумаевна
– Таштемир Сатыбалдиев атындагы № 7жалпы билим берүү мектебинин биология жана инклюзивдик билим берүү мугалими, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району сыйланышты.

Ал эми «Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы менен

Дюшеева Назира Кубанычбековна – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти сыйланды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы

Жакыпова Чинара Турдумаматовна – Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык жалпы билим берүү мектебинин математика мугалимине берилди.

 Адылбек Касымалиев билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады. А.КАСЫМАЛИЕВ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН СЫЙЛЫКТАРЫН ТАПШЫРДЫ

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында кол коюлган тескемеге ылайык, бул сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга жана Эгемендүүлүк күнүнө карата ыйгарылган. Буга чейин Министрлер Кабинетинин токтому менен «Эмгек сиңирген дарыгер», «Илимге эмгек сиңирген ишмер» сыяктуу 23 ардак наам уюштурулган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү