А.КАСЫМАЛИЕВ: «КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ КӨЧМӨН ДҮЙНӨНҮН ЖАНДУУ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫНА АЙЛАНДЫ»

  • 07.09.2026

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, жалпы кыргызстандыктарды, оюндардын катышуучуларын, конокторду жана жеңүүчүлөрдү бул ири маданий-спорттук иш-чаранын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, бул окуя жалпы элдин жеңиши экендигин баса белгиледи. А.КАСЫМАЛИЕВ: "КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ КӨЧМӨН ДҮЙНӨНҮН ЖАНДУУ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫНА АЙЛАНДЫ"

МинКаб Төрагасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тарыхты келечек менен байланыштырган көпүрө экенин, ал эми көчмөн дүйнөсү — өзүнүн мамлекеттүүлүгү, терең дүйнө таанымы, нарк-насили, акылмандыгы жана адам менен табияттын шайкеш жашоо маданиятын камтыган улуу цивилизация экендигин айтып өттү. Мындан он эки жыл мурда Ысык-Көл жергесинде башталган бул демилге улам канат жайып, бүгүнкү күндө Олимпиада же футбол боюнча дүйнө чемпионаттары сыяктуу дүйнө эли кызыгып күткөн глобалдык маданий-спорттук кыймылга айланганы сыймыктануу менен айтылды. Жүздөн ашуун мамлекеттин өкүлдөрүнүн башын бириктирген бул оюндар дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болгонун далилдеди. А.КАСЫМАЛИЕВ: "КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ КӨЧМӨН ДҮЙНӨНҮН ЖАНДУУ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫНА АЙЛАНДЫ"

“Бул күндөрү кандай гана керемет таймаштарга күбө болгон жокпуз. Кырчын жайлоосу көчмөн дүйнөнүн жандуу энциклопедиясына айланды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чоң интеллектуалдык аянтчага да айланды. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар көчмөн цивилизациясынын тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, тилин, маданиятын жана дүйнө таанымын кеңири талкуулашты. Илим көчмөн дүйнөнүн тарыхтагы ордун жаңыча ачып, анын адамзаттын өнүгүшүнө кошкон салымына жаңы баа берүүдө. Кымбаттуу мекендештер, Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый күндөрдө өттү. 35 жылда Кыргызстан аймактык бүтүндүккө жетип, өнүгүп жаткан өлкөгө айланды. Бул Оюндар эгемен Кыргызстандын күчүн жана потенциалын көрсөттү. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңишке жетип, байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларды чын жүрөктөн куттуктайм”, — деди Адылбек Касымалиев.  А.КАСЫМАЛИЕВ: "КЫРЧЫН ЖАЙЛООСУ КӨЧМӨН ДҮЙНӨНҮН ЖАНДУУ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫНА АЙЛАНДЫ"

Адылбек Касымалиев быйылкы Алтынчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый күндөргө туш келгенин эске салып, бул иш-чара эгемен мамлекетибиздин күч-кубатын жана потенциалын дүйнөгө дагы бир жолу тастыктаганын кошумчалады. Эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өз тарыхынын кийинки эстафетасын Россия Федерациясынын Татарстан Республикасына өткөрүп берди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү