А.КАСЫМАЛИЕВ ЧҮЙДӨГҮ БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
- 29.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев жана парламент депутаттары менен биргеликте Чүй облусунун Москва районундагы бир катар саламаттыкты сактоо жана билим берүү мекемелеринин абалын жеринен көрүп чыкты. ![]()
Ага ылайык, жетекчилер Беловодское айылындагы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборуна барып, анын инфраструктурасы жана жабдуулары менен таанышышты. Негизги имараты 1970-жылы курулган, 171 орунга ылайыкталган бул борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту башкарат. Таанышуу учурунда 100 орундуу жаңы оорукана имаратын куруу зарылдыгы бар экени белгиленди. МинКаб Төрагасы республика боюнча 42 оорукана, анын ичинде Чүй облусунун бардык райондорунда, тактап айтканда Москва районунда да 100 орундуу жаңы оорукана имараты куруларын билдирип, тиешелүү органдарга тапшырмаларды берди. ![]()
Эл өкүлдөрү менен Өкмөт башчысы ошондой эле Москва районундагы К. Сыданов атындагы жалпы билим берүүчү мектептин абалы менен да таанышышты. Мектептин 1970-жылы курулган 220 орундуу негизги имаратында учурда 590 бала, ал эми 1969-жылы курулган 200 орундуу башталгыч мектеп имаратында 460 окуучу билим алууда. Мектепте окуу класстары жетишсиз, ошондой эле спорт залы, жыйындар залы жана китепканасы жок болгондуктан, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыгууда. Таанышуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга жаңы мектеп куруу маселесинин үстүнөн иштөө тапшырылды.
А.К., «КБ»

