А.КАСЫМАЛИЕВ: “БИЗГЕ ДҮЙНӨЛҮК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МЕНЕН УЛУТТУК ӨЗӨКТҮ АЙКАЛЫШТЫРА АЛГАН МУУН КЕРЕК”
- 21.08.2026
- 0
Бүгүн Бишкек шаарында “Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө” аталышындагы Улуттук педагогикалык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Агартуу министрлигинин жетекчилиги, аймактардын билим берүү башкармалыктарынын башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер, тарбиячылар жана жогорку окуу жайларынын ректорлору катышты.
Форумду ачып жатып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык агартуучуларды жаңы 2026-2027-окуу жылынын башталышы менен куттуктап, август айында билим берүү кызматкерлеринин башын бириктирип, учурдагы абалга баа берип, жаңы окуу жылына багыттарды аныктоо жакшы салтка айланганын белгиледи. Адылбек Касымалиев жаңы доордо билим берүү системасы сапаттык жактан өзгөрүшү керектигин баса белгилеп: “Жаңы доорго – жаңы билим. Жаңы билимге – жаратман педагог керек. Бир бүтүн билим берүү экосистемасы – замандын талабы”, — деди. Ошондой эле ал жасалма интеллектти окутууга киргизүү, жекелештирилген билим берүү жана 12 жылдык билим берүү системасынын экинчи этабына өтүү бүгүнкү күндүн негизги чакырыгы экенин кошумчалады.
Өз сөзүндө МинКаб башчысы мамлекет тарабынан билим берүү тармагын каржылоо олуттуу жогорулаганына токтолду. Маалыматка ылайык, билим берүүгө бөлүнгөн каражат 2021-жылы 40 млрд сомду түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 75 млрд сомго чейин өскөн. Акыркы беш жыл ичинде өлкө боюнча 390дан ашык жаңы мектеп курулуп, 110дон ашык мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2021-жылы 22 пайызды түзсө, 2025-жылы 51 пайызга жетип, 2030-жылга чейин аны 80 пайызга жеткирүү милдети коюлганы маалымдалды. Аны менен катар окуу китептерин басып чыгаруу жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жатканы айтылды.
Билим берүүнүн сапатында да олуттуу жылыштар байкалууда. Быйылкы 2026-жылы эл аралык олимпиадаларда кыргызстандык окуучулар алтын, күмүш жана коло медалдарды багындырып, Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы 119,8ден 128 баллга көтөрүлдү, ал эми 56 окуучу алтын сертификаттын ээси болду.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев адам капиталын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги багыты экенин эскертип, курулуп жаткан жаңы Кыргызстандын эртеңки тагдыры бүгүнкү балдардын билиминен жана мугалимдин эмгегинен көз каранды экенин баса белгиледи. “Билим менен тарбияны айкалыштырып, мугалимдерди колдоо жана билим берүү системасын тынымсыз өнүктүрүү аркылуу гана биз максаттарыбызга жетебиз”, — деген Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык мугалимдерди жана агартуучуларды жигердүү иштөөгө, жаңычылдыкты кабыл алууга жана кесиптик өнүгүүгө чакырды.
Эске салсак, Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алгачкы этабын баштаганына бир жыл болду. Бул — билим берүү системасын дүйнөлүк стандарттарга жакындатууга, глобалдык интеграцияга даяр, заманбап жана атаандаштыкка жөндөмдүү муунду тарбиялоого багытталган маанилүү кадам.
Ошол эле учурда билим берүүнүн жаңы моделине өтүү оңой процесс эмес. Мындай масштабдуу реформанын алгачкы этабы бир катар кыйынчылыктар менен коштолуп жатканы мыйзам ченемдүү. Окуу программаларын жаңылоо, мугалимдерди жаңы талаптарга даярдоо, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана ата-энелер менен коомчулукка жаңы системанын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүү — убакытты жана системалуу аракетти талап кылат.
Демек, бул реформанын натыйжалуулугу окуу мөөнөтүнүн узарышы менен гана эмес, ар бир окуучунун сапаттуу билими менен өлчөнүшү керек. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар максаттуу жана натыйжалуу жумшалып, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, мугалимдердин потенциалын жогорулатууга жана окуучулар үчүн заманбап билим алууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталууга тийиш.
Анткени 12 жылдык билим берүү — өлкөнүн келечегине багытталган узак мөөнөттүү инвестиция. Ар бир окуучуга сапаттуу билим берүү — мамлекеттин келечегине кошулган салым.
А.К., «КБ»



Комментарийлер