А. АБДРАЕВА КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 12.08.2026
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин инфраструктуралык объектилеринде масштабдуу оңдоп-түзөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Курулуш иштердин жүрүшүн университеттин ректору Айгүл Абдраева жана административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакбур Исаев текшерип чыгышты.

А. АБДРАЕВА КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

А. АБДРАЕВА КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

А. АБДРАЕВА КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

А. АБДРАЕВА КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Текшерүүнүн жүрүшүндө университеттин жетекчилиги №1 окуу корпусундагы оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышты. Учурда аудиториялар жана коридорлор капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, иштер аяктоо алдында турат. Ошондой эле, корпуска жакын аймакта заманбап коворкинг-зонасын уюштурууга арналган жаңы үч кабаттуу имараттын курулушу жүрүп жатат. Мындан сырткары №3 окуу корпусунда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жер төлө кабаты менен жаңы блоктун курулушу активдүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле корпуста сүрөтчүлөр үчүн чыгармачылык аянтча уюштурулуп, студенттер өз эмгектерин атайын жабдылган мейкиндикте жаратууга мүмкүнчүлүк алышат. Муну менен катар айланасындагы аймакты көрктөндүрүү, бөлмөлөрдү кайра пландаштыруу жана спорттук аянтча куруу иштери жүргүзүлүүдө.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер