№91 ЛИЦЕЙ: БАЙ ТАЖРЫЙБА, ЗАМАНБАП КЕСИП, ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

  • 15.05.2026
  • 0

Бишкектеги №91 кесиптик лицейине кош келиңиздер!

Фрунзе шаарындагы №1 техникалык окуу жайынан бүгүнкү күндөгү И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейине чейинки баскан жолго кыскача сереп.

И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейи бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында тейлөө тармагына адистерди даярдаган өзгөчө макамга ээ окуу жайлардын бири болуп саналат. Бул окуу жай өзүнүн тарыхы, бай тажрыйбасы жана социалдык багыты менен айырмаланып, өлкөнүн кесиптик билим берүү системасында маанилүү орунду ээлеп келет.

Лицейдин тарыхы 1966-жылдан башталат. Ал кезде Фрунзе шаарындагы №1 техникалык окуу жайы – ТУ-1 катары негизделип, Кыргыз ССРинин тоо-кен жана геология тармактары үчүн бургулоочуларды, өткөөлчүлөрдү, метеорологдорду, телеграфисттерди жана айдоочуларды даярдап келген. Убакыттын өтүшү менен коомдун жана экономиканын талаптары өзгөрүп, окуу жай да жаңы багытка өтүп, тейлөө тармагындагы адистерди даярдоого басым жасай баштаган. Мына ушундай эволюциялык өнүгүүнүн натыйжасында бүгүнкү күндөгү заманбап кесиптик лицей калыптанды.

№91 ЛИЦЕЙ: БАЙ ТАЖРЫЙБА, ЗАМАНБАП КЕСИП, ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

60 жылга жакын тарыхында окуу жай 45 миңден ашуун адисти даярдап, өлкөнүн ар кыл тармактарына өз салымын кошуп келген. Бул – лицейдин тажрыйбасынын жана ишенимдүүлүгүнүн ачык далили.

Бүгүнкү күндө лицейде 600дөн ашуун окуучу билим алууда. Окуу процесси 17 аудитория жана лабораторияларда уюштурулуп, окуучулар заман талабына жооп берген шарттарда билим алышууда. Окуу жайдын курамында окуу корпусу, турмуш-тиричилик корпусу, ашкана, спорт зал, эс алуу залы жана жатакана бар. Алыскы аймактардан келген жана социалдык жактан колдоого муктаж окуучулар үчүн жатаканада бардык шарттар түзүлгөн.

2020-жылы окуу жайга баштапкы кесиптик билим берүү системасына эмгек сиңирген мамлекеттик жана коомдук ишмер Ильяс Касендеевдин ысымы ыйгарылган. Бул лицейдин тарыхый ордун дагы да бекемдеп, анын өнүгүүсүнө жаңы дем берди.

Лицейдин ишмердүүлүгүндөгү эң маанилүү багыттардын бири – социалдык-эмгектик реабилитациялоо. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдагы токтомунун негизинде окуу жайга реабилитациялык борбор макамы берилген. Бүгүнкү күндө бул жерде жетим жана жарым жетим балдар, социалдык жетимдер, мигранттардын балдары, жумушсуздар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар билим алып, кесипке ээ болуп жатышат. Борбор түзүлгөндөн бери 500дөн ашуун жаштар турмуш жолуна түшүп, коомдо өз ордун табууга жетишкен.

Лицейде окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: мамлекет тарабынан каржыланган ысык тамак, жатакана, заманбап окуу кабинеттер, лабораториялар, спорттук жана маданий жайлар. Бул шарттар жаштардын сапаттуу билим алып, кесиптик жактан өнүгүүсүнө толук мүмкүнчүлүк берет.

Заман талабына жооп берген дуалдык билим берүү системасы лицейде ийгиликтүү ишке ашырылууда. Теория менен практика айкалышкан бул система окуучуларга реалдуу өндүрүш шартында тажрыйба топтоого шарт түзөт. Алар Бишкектеги белгилүү ресторандарда жана кондитердик ишканаларда практика өтүп, өз кесибин иш жүзүндө өздөштүрүшөт.

Лицей «Нават», «Куликовский», «Пирогов», «Ожак Кебаб», «Capito» сыяктуу алдыңкы ишканалар менен кызматташып, окуучуларды түздөн-түз өндүрүшкө багыттайт. Мындан тышкары, Ысык-Көлдөгү пансионаттар менен кызматташуу аркылуу жайкы практиканы эс алуу менен айкалыштырып өткөрүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Бүгүнкү күндө лицейде ашпозчу-кондитер, балдар жана диеталык тамак-ашты даярдоочу ашпозчу, графикалык дизайнер сыяктуу заманбап жана талапка ээ кесиптер боюнча адистер даярдалууда. Айрыкча мектептер жана бала бакчалар үчүн диеталык ашпозчуларды даярдоо боюнча бул окуу жай республикада жалгыз болуп эсептелет.

№91 ЛИЦЕЙ: БАЙ ТАЖРЫЙБА, ЗАМАНБАП КЕСИП, ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

Мындан тышкары, жыл бою кыска мөөнөттүү курстар уюштурулуп, жумушсуз жарандарга жаңы кесиптерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул лицейдин коом алдындагы социалдык жоопкерчилигин дагы бир ирет тастыктайт.

Эң негизгиси – бул жерде окуучулар жөн гана билим албайт, кесипке ээ болуп, келечегине жол ачат.

9-класстын базасында окууга кабыл алынган окуучулар 2 жыл ичинде бюджеттик негизде билим алып, орто билим жөнүндө аттестат менен бирге кесиби боюнча мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болушат. Бул аларга окуусун улантууга же дароо эмгек рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, окуу процессинде окуучулар реалдуу өндүрүштө иштеп, тажрыйба топтоо менен бирге кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жайкы практика Ысык-Көлдө өтүп, билим менен эс алуу айкалышкан өзгөчө формат сунушталат.

11-классты бүтүргөндөр үчүн да 10 айлык дуалдык система аркылуу кыска мөөнөттө кесипке ээ болуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул система теория менен практиканы айкалыштырып, окуучуларды тез арада ишке даярдайт.

Эң башкысы – лицейде тажрыйбалуу, өз ишинин чебери болгон мугалимдер жана өндүрүштүк окутуунун мастерлери эмгектенишет. Алар ар бир окуучунун келечегине жоопкерчилик менен мамиле кылышат.

Ошентип, И.Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейи – бул тарых менен заманбаптык айкалышкан, билим менен тарбияны бириктирген, ар бир жашка мүмкүнчүлүк берген окуу жай. Бул жерде ар бир окуучу өз кесибин таап, келечегине ишенимдүү кадам таштайт. Келечектин кесиби – ийгиликтин ачкычы: №91 лицей сизди күтөт!

Алтынай КУЛУШОВА,
И. Касендеев атындагы №91 кесиптик лицейдин директору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер