9-СЕНТЯБРЬ — КОМУЗ КҮНҮ

  • 09.09.2026

9-сентябрь — Кыргызстанда Комуз күнү.

Комуз — кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий дүйнөсүн муундан муунга жеткирип келе жаткан үч кылдуу касиеттүү аспап. Комуз — жөн гана музыкалык аспап эмес. Анын ар бир күүсүндө элдин тарыхы, кубанычы, кайгысы, эрдиги жана дүйнө таанымы жатат.

Бүгүн комузду үйрөнгөн балдардын, жаш муундун катары өсүп жатканы — улуттук мурастын улануусунун жакшы белгиси. Мектептерде комуз ийримдеринин иштеши, окуучулардын улуттук аспапка кызыгуусу да бул мурасты сактоого чоң салым кошуп келе жатат.

Бегилей кетсек, Президенттин “Комуз күнү жөнүндө” Жарлыгы 2019-жылы 9-сентябрда кабыл алынып, ошол күндөн бери Комуз күнү майрамдалып келе жатат. 9-СЕНТЯБРЬ - КОМУЗ КҮНҮ

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Комуз күнү менен куттуктады: 

Урматтуу кыргыз элим!

Кадырлуу мекендештер!

Урматтуу маданият жана искусство ишмерлери, комузчулар, күүчүлөр жана комуз өнөрүн аздектеген замандаштар!

Баарыңыздарды кыргыз элинин кылымдарды карыткан улуу мурасы, руханий дөөлөтү жана улуттук сыймыгы болгон касиеттүү комуздун урматына белгиленген 9-сентябрь — Комуз күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз менен комуз эзелтен эриш-аркак жашап келет. Ата-бабаларыбыз үч кылдуу комуз аркылуу өз тарыхын, кубаныч-кайгысын, арман-үмүтүн күүгө салып, муундан муунга өткөрүп келген.

Комуз — жөн гана музыкалык аспап эмес. Ал — кыргыз элинин тарыхынын, дүйнө таанымынын, улуттук эс-тутумунун жана рухунун үнү. Анын ар бир кайрыгында Ала-Тоонун деми, элибиздин басып өткөн жолу жана улуттук мүнөзү камтылган.

Залкар комузчуларыбыз менен күүчүлөрүбүздүн мурасы кылымдарды карытып, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Азыр кыргыз комузунун күүсү дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жаңырып, элибиздин бай маданиятын жана улуттук жүзүн тааныткан маанилүү символго айланды.

Айрыкча жаш комузчуларыбыздын таланты жана чыгармачылык изденүүсү бизге чоң үмүт жана сыймык тартуулайт. Алар улуу өнөрдүн уңгусун сактап, кыргыз күүсүн жаңы бийиктиктерге көтөрүп, дүйнөлүк маданий мейкиндикке алып чыгууда.

Мамлекет тарабынан улуттук маданиятыбызды жана руханий мурастарыбызды сактоо, өнүктүрүү, аларды жаш муундарга жеткирүү багытындагы иштер мындан ары да ырааттуу улантылат. Анткени комузду сактоо — улуттук эс-тутумубузду, тарыхыбызды жана руханий дүйнөбүздү сактоо.

Ушул жаркын майрамда бардык комузчуларга, күүчүлөргө, өнөр адамдарына жана комузду аздектеген жалпы мекендештерибизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Комуздун күүсү кыргыз барда жаңыра берсин! Кыргыз күүсүнүн мукам добушу Ала-Тоодон ааламга тарасын! Ар бир үйдө комуздун күүсү үзүлбөсүн!

Комуз күнүңүздөр менен! Касиеттүү комузубуз кылымдан кылымга жашай берсин! Кыргыз эли аман болсун!

 

А.К., «КБ»

Бөлүшүү