9,3 миллион нуска: жаңы окуу китептери мектептерге жеткирилүүдө
- 11.09.2026
- 0
Кыргыз Республикасында 12 жылдык мектептик билим берүү системасына этап-этабы менен өтүүнүн алкагында мектептерди жаңы муундагы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу иштери уланууда.
Бүгүн, 11-сентябрда, «Учкун» басмаканасында окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу процесси менен тааныштыруу максатында пресс-тур өткөрүлдү. Иш-чарага ЖМК өкүлдөрү, ата-энелер жана мектеп директорлору катышып, окуу китептерин чыгаруунун бардык этаптары менен жеринде таанышты.
Пресс-турдун жүрүшүндө китептерди даярдоо жана басып чыгаруу процесси, басмакананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, китептердин сапатын текшерүү этаптары, жаңы окуу китептеринин өзгөчөлүктөрү жана даяр басылмаларды мектептерге жеткирүү иштери көрсөтүлдү.
Эки жылда 9 миллиондон ашык окуу-методикалык комплекс
«Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, 2025-жылы 4 млн 735 миң 870 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге таратылган.
Ал эми 2026-жылдын 11-сентябрына карата 3 млн 172 миң 728 даана окуу-методикалык комплекс басылып чыгып, мектептерге жеткирилди.
«Учурда дагы 1 млн 442 миң 815 даана басылууда. Натыйжада 2025–2026-жылдар аралыгында чыгарылган окуу-методикалык комплекстердин жалпы көлөмү 9 млн 351 миң 413 даанага жетмекчи», — деди Төлөгөн Аматов.
Пресс-турдун жүрүшүндө тиешелүү адистер журналисттердин, ата-энелердин жана мектеп директорлорунун суроолоруна жооп берип, жаңы окуу китептерин чыгарууда сапатка, мазмунга жана мектептерге өз убагында жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти.
Иш-чара КР Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү тарабынан уюштурулду.
Даанаева Наргиза,
Жылдызбек кызы Салия, «Кут Билим»





