9-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА ОНЛАЙН ФОРМАТТА УКУКТУК ОЛИМПИАДА ӨТӨТ

  • 29.11.2021
  • 0

2-декабрдан 5-декабрга чейин 9-11-класстын окуучулары арасында онлайн форматында Укуктук олимпиада өткөрүлөт.

Олимпиаданын негизги максаттары – жаштардын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана “Адам жана коом” сабагын окууга түрткү берүү. Олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Олимпиадага 9-11-класстарда окуган ар бир окуучу катышып, 4 күндүн ичинде юриспруденция боюнча билимин текшере алат.

Жеңүүчүлөргө жана финалисттерге баалуу сыйлыктар жана сертификаттар берилет:

1-орундан 5-орунга чейин – букридерлер (электрондук китеп окугучтар);

5-орундан 10 орунга чейин – акылдуу сааттар;

10-орундан 30-орунга чейин – рюкзактар.

Олимпиада 3 этапта өткөрүлөт:

1-этап – 15 суроодон турган тесттен өтүү;

2-этап – 10 укуктук маселени чечүү;

3-этап – калыстар тобунун мүчөлөрүнүн алдында укуктук маселени чечүү.

Эпидемиологиялык абалды эске алуу менен сынактын бардык этаптары онлайн форматта өткөрүлөт.

Катышуу жана утуу үчүн:

  1. 2021-жылдын 30-ноябрына чейин төмөнкү шилтеме аркылуу катталуу:

https://forms.gle/C5zLeg12Muq6Egg97;

  1. Олимпиадага алдын ала даярдануу, бул үчүн https://www.alc.kg сайтындагы укуктук маалыматтар даярдалган.

Укуктук олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Инклюзивдүү, адамга ориентацияланып, адам укуктарына негизделген мамиленин негиздерин улуттук укуктук процесстерге, сот адилеттигине жана конституциядан кийинки процесстерге интеграциялоо” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

__________________________________________

 

Бөлүшүү

Комментарийлер