820 ТАРБИЯЧЫ ОКУУДАН ӨТТҮ

  • 11.03.2024
  • 0

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын окутуунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктады.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын окутуу жөнүндө демилгеси Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, «Келечек үчүн билим берүү» жана «Окутуунун негиздерин бекемдөө» долбоорлорунун колдоосу аркылуу ишке ашырылууда.

Аны алкагында өткөн тренингдердин биринчи этабында 820 тарбиячы окутуудан өттү. Бул адистер «Балалык» программасы боюнча 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүндө негизги ролду ойнойт.

Окутулган тарбиячылардын ичинен 700 тарбиячы кыска мөөнөттүү 500 бала бакчада өз ишин баштайт, ал эми 120 адис 60 балдарды өнүктүрүү борборунда иштейт. Бул мекемелер өлкө боюнча миңдеген балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берип, аларга жашоонун мыкты башталышын камсыз кылат.

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн жарандар менен иштөө жана коомчулук менен байланыш адиси Акылбек Орозматовдун билдирген маалыматы боюнча окутуунун экинчи этабы 2024-жылдын май-июнь айларына пландаштырылган.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер