80 ЖАШТАГЫ ТАРБИЯЧЫ

  • 13.05.2022
  • 0

Кутман курактагы Мааданбекова Мина эже чарчадым, чаалыктым дебестен, азыркы учурда да  Бишкек шаарындагы  №4 кесиптик лицейде үзүрлүү эмгектенип жатат.

Мугалимдик кесипке бүт өмүрүн арнаган Мина Мааданбекова — жогорку квалификациялуу, өз ишин чыгармачылык менен айкалыштырган демилгелүү  мугалим.
Өз кесибинин чебер устаты Мина Мааданбекова 1942-жылы 13-майда Тоң районунун Ак-Терек айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин, 1959-жылы, Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине окууга тапшырат. 1964-жылы “аналитикалык химия” адистиги боюнча окууну аяктап, ушул эле университетте улук лаборант кызматын аркалап, өзүнүн эмгек жолун баштайт. Кийин 1971-жылы, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу болуп иштеди. 1992-жылдан баштап 2004-жылга чейин К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде улук окутуучу болуп иштеген. Баштапкы кесиптик билим берүү системасында  2007-жылдан бери эмгектенет.

80 ЖАШТАГЫ ТАРБИЯЧЫ

Ардактуу агартуучунун жалпы эмгек стажы 55  жылдан ашты. Мунун  баары убакыт-сааты жок, уйкуну билбеген таалим таратуучу жумуш экени жалгыз өзүнө гана эмес, аны жакшы  билген адамдарга маалым. Бишкектеги №4 кесиптик лицейде улук тарбиячы болуп иштегенине эле  15 жыл толду.
Өз ишине так, жоопкерчиликтүү педагог ак эмгеги үчүн “Эне даңкы”,  СССР Жогорку Советинин Президиумунун  1 жана 2 даражадагы медалы,  ”ЮНЕСКО” коомунун   “Үлгүлүү үй-бүлө” наамы, “Баштапкы кесиптик-техникалык билим берүүнүн отличниги” жана  «Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалдар жана айымдары” төш белгиси менен сыйланган.  Мындан тышкары, көптөгөн райондук акимчиликтердин, Бишкек шаардык мэриясынын, өзү эмгектенген  окуу жайларынын Ардак грамотасына  татыктуу болгон.
Жогорку окуу  жайларда иштеген убагында бир топ илимий эмгектерди жаратты. Химия предмети боюнча студенттер үчүн хелаттар жөнүндөгү илимий колдонмону түзүп, мектепте химияны окутуу боюнча мугалимдерге усулдук колдонмолорду иштеп чыккан. Аналитикалык химиядагы салмактык методу, карбамидди колдонуу сыяктуу жана башка илимий эмгектерди жазган. Химия жана экология маселесине арналган илимий макалалары да бар.
Тарбиячы катары азыркы мезгилде да окуучуларды тарбиялоодо жагымдуу микроклимат үчүн жакшы шарт түзүү негизги максатым деп эсептейт. Тарбиячы катары балдарга энесиндей мамиле жасайт. Ошондонбу, айтор, окуучулар да Мина эжени “Мина апа” деп аташат. Балдардын таанып билүүсүн жогорулатуу үчүн талыкпай Бишкектин музей-театрларына алып барат. Жыл сайын жайында Ысык-Көлгө башталгыч кесиптик билим берүү системасынын “Келечек” эмгек жана эс алуу лагерине барып, жетим балдар  интернатынан келген окуучулардын, мигранттардын балдарынын эс алуусун көзөмөлдөйт.
Лицейде Мина эженин демилгеси жана жигердүү ишмердүүлүгү менен Эмгек жана Аскердик даңкы музейи уюштурулган. Музейде окуучулар менен саясий аңгемелешүүлөрдү, согуштун ардегерлери менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп турат. Мындан тышкары, Мина эже  лицейдин тарыхы жана кол өнөрчүлүк музейин жетектейт. Келген конокторду, лицейдин окуучуларын лицейдин тарыхы жана коюлган экспонаттар менен тааныштырат.
Кадырлуу тарбиячы педагогикалык билимин дайыма өркүндөтүп, балдар менен иштөөнүн жаңы заманбап ыкмаларын үйрөнүп, изденип иштеп келет.

80 ЖАШТАГЫ ТАРБИЯЧЫ

Мина эже —  алты баланын бактылуу энеси. Үч  кызы ата-энесинин жолун жолдоп мугалимдик кесипти аркалап келүүдө. Уулдарынын бири — врач, экөөсү техникалык кесипке ээ болушкан. Кызы Казыбаева Мира азыр Канадада жашайт. Ал —  миграция боюнча Кыргызстандын Канададагы атайын өкүлү. Көптөгөн кайрымдуулук иштерди Мина эже ушул чет жердеги кызы менен бирге жасайт. Пандемия маалында Казыбаева Мира Ысык-Көл областтык ооруканага  2 ИВЛ аппаратын, Балыкчы жана Бишкек шаарларына да ИВЛ аппаратын, буга кошумча акчалай жардам да берген. Бул үй-бүлө жетим балдар үйлөрүнө  да жардам көрсөтүп келишет.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер