80 СТУДЕНТ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯГА ТАТЫДЫ
- 14.12.2021
- 0
«Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 14-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.
Быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту.
Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат.
Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм.
Өз кезегинде орустун атактуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов: „Жаштар — биздин барометр“, — деп так жана таамай аныктама берип кеткен экен. Бул — калетсиз айтылган учкул сөз. Деги эле мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү коомубуздун тазалыгына жана жаш муундардын алган сапаттуу билимине, тандаган кесибине, маданиятына, ыйман-ынсабына түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент болочок адистерге учурда өлкөдөгү бүтүндөй билим берүү түзүмүн: бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын айтып берди. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүлүүдө.
Мамлекет башчысы баса белгилегендей, убакыт канчалык ылдам өтүп жатса, билим берүү, илим да ошончолук тездик менен өсүүдө. Ошондуктан өлкөбүздөгү билим берүү тармагы заманбап техниканын жана технологиялардын коштоосу менен өөрчүп, коомду санариптештирүү жүрүп жатканына баарыңар күбөсүңөр.
Дагы бир бөтөнчө көңүл бөлө турган жагдай — мүмкүн болушунча көп тилдерди үйрөнүү маселеси.
«Бул — мезгил талабы. Арийне, биринчи кезекте мамлекеттик тилибизди, андан соң башка тилдерди өздөштүрүү абзел. Элибиздин керегине жараган инсандардан болушуңуздарга тилектешпиз. Сиздерге болгон үмүтүбүз, ишеничибиз чоң. Билим жолундагы сапарыңыздар байсалдуу болсун! Сиздерге ак жол!», — деп сөзүн жыйынтыктаган Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалады.
Президенттик стипендияга татыктуу болгондордун бири Абдыласова Айпери Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин студенти. Ал окууда да, коомдук иштерде да активдүүлүгү жана илимий иштери үчүн алдыңкы студенттердин катарын толуктайт. Ал сентябрь айында Мамлекеттик тил күнүнө арналып өткөрүлгөн иш-чарага активдүү катышып, окуу жай тарабынан Ардак грамота алган. TechMUGALIM долбоорунун негизинде “PEARDECK онлайн окутуу” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курсуна угуучу катары катышкан. Өзү окуган окуу жайда өткөрүлгөн иш-чаралардын активдүү катышуучусу жана окуудагы мыкты ийгиликтери, педагогикалык практика учурунда активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн бир катар Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар менен сыйланган.
Окуу жайдын жетекчилигинин айтымында, Айпери университетте окууда жана коомдук иштерде өзүн активдүү, жоопкерчиликтүү студент катары алып жүрөт. Жалпы билим берүүчүлүк жана кесиптик дисциплиналарды мыкты окуп, «эң жакшы» деген бааларга татыктуу болууда. Кыргыз филологиясы факультетинин билим сапатын көрсөтүүчү рейтинги боюнча биринчи орунда турат. Студенттер арасында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференцияларга да катышып, илимий макалаларды даярдоо менен билимин өркүндөтүүдө.
Абдыласова Айпери факультеттеги студенттердин өзүн өзү башкаруу парламентинин төрайымы катары өз салымын кошуп келе жатат. Жигердүү аракети менен Бишкек мамлекеттик университетинин «Алтын муун» төш белгисине ээ болгон. Айпери Абдыласова студенттер менен оңой тил табышып, улууларга урмат-сый көрсөтө билген алдыңкы студенттердин бири.
«Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат”повестинин тематикалык- идеялык өзгөчөлүгү»,
«Каюм Мифтаков – “Манас” эпосунун варианттарын алгачкы жыйноочу», «Майрамкан Абылкасымованын «Эстелик сүйлɵйт» поэмасы» аттуу темаларда илимий изилдөө иштерин алып барат.
Ош
Бул жолу Президенттик стипендияны ОшМУдан алты студенти алды.
Окуу жай стипендияга талапкерлерди аныктоо үчүн атайын тандоо уюштурган. Жыйынтыгында алты талапкердин ичинен I орунга Кыргыз-кытай факультетинин студенти Мусабекова Жумагүл ээ болгон. Жумагул 100% “эң жакшы” деген бааларга окуйт, анын окуудагы жетишкендиктери боюнча GPA баллы 3,96 деп эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтөт.
Окуудагы жетишкендиктери жана коомдук иштердеги активдүүлүгү үчүн 2021-жылдын жыйынтыгы менен ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендианты, 2020-жылы Кытай Эл Республикасынын Фудань университетинин стипендиаты, 2020-жылы Кытай Эл Республикасынын Хайнань университетинин стипендиаты, “Эмаком” курулуш компаниясынын стипендиаты деп табылган.
2018-жылы RDF коомдук фонду менен Ноокат, Кара-Суу райондорунун төрт айыл өкмөтүндө калктын таза жана эгин суу менен камсыз болуусун сурамжылоо жүргүзүп, изилдөө ишине катышкан. 2019-жылы RDF коомдук фонду менен Өзгөн районунда жайыттарды жана токойлорду пайдалануу боюнча аудио сурамжылоо жүргүзгөн.
2018-жылы Хайнань шаарында, 2020-жылы Шанхай шаарында Фудан университетинин стипендиалык программанын негизинде алты айдан окуп келген.
2021-жылы ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендиясын утуп алган.
Кытай мамлекетинин Циньхуа шаарында кытай тили күнүнө карата уюштурулган эл аралык конкурста 1-орунду ээлегендиги үчүн 1-даражадагы диплом менен сыйланган.
Мусабекова Жумагул келечектин көп тилдүү адиси. Анткени ал кыргыз тилинде, орус тилинде, англис тилинде, кытай тилинде эркин сүйлөйт.
Комментарийлер