80 МИҢ МУГАЛИМГЕ 80 МИҢ НОУТБУК

  • 29.05.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 80 миң мугалимди ноутбук менен камсыздайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ноутбук менен камсыздоо “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын алкагында ишке ашырылмакчы.

Министрлик ноутбукту сырттан ташып келүүчүлөргө жана даярдап чыгарган заводдорго ноутбуктардын бааларына мониторинг жасоо үчүн коммерциялык сунуштарды берүүгө чакырат.

Коммерциялык сунуштар Бишкек убактысы боюнча үстүбүздөгү жылдын 7-июнуна чейин кечки саат 17:00дөн кечиктирилбей берилүүгө тийиш.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер