№77 МЕКТЕПТЕ ЭКО-КАРУСЕЛЬ ДОЛБООРУ СУНУШТАЛДЫ
- 16.04.2026
- 0
Бишкек шаарындагы №77 мектепте «Мектептер — 2030» программасынын алкагында экологиялык иш-чара өттү.

Назгүл Курманбекованын маалыматына таянсак, иш-чарада окуучулар «Эко-карусель» форматында өздөрүнүн экологиялык долбоорун сунуштап, айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөргө практикалык чечимдери менен бөлүштү.

Жыйынтыгында окуучулар, мугалимдер жана коноктор биргеликте 200 көчөт отургузуп, мектеп аймагын жашылдандырууга өз салымдарын кошту.
№77 мектеп Ага Хан Фондунун «Мектептер — 2030» долбоорунун алкагында, Агартуу министрлиги менен биргеликте тандалган 20 максаттуу мектептин катарына кирет. Ал «Алтын Казык» мамлекеттик программасын жана Президенттин «Жашыл Мурас» демилгесин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү максатында тандалган.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер